Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 08.11.2018 20:27

Ат-Башынын Ак-Жар айылында 1,8 млн сомго ветеринардык клиника курулуп, пайдаланууга берилди (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл аймагында ветеринардык клиника курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ветеринардык клиниканы курууга жалпы 1 млн 800 миң сом акча каражаты кетсе, анын 1 млн 200 миң сомун АРИС уюму берген. Ал эми 98 миң сомун айыл өкмөттүн бюджетинен бөлүнгөн. Ветеринардык клиника 1,2 гектар жерди ээлейт. Ал айылдагы эски гараждын ордуна курулган. Бул жерге болжол менен 500 кой, жүздөн кем эмес уй батат.

Ак-Жар айыл аймагынын башчысы Максат Кадыркуловдун маалыматына караганда, айылда жалпы 24 миң кой, 2600 жылкы, 2000ге жакын уй, 500 топоз бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×