Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуАт-Башы району 16.12.2018 17:41

«Жеңеке»: Ат-башылык жигитке турмушка чыккан Гүлмира Шапакова «Орус келин» атка конгон (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ат-Башы районунун Кара-Суу айылына келин болгон 36 жаштагы Гүлмира Шапакова. Ал нарындык кайын журтун кантип таң калтырганын аймактык кабарчыга айтып берди.

Гүлмира жеңенин айтымында, Чүйдөгү Кемин районунун Чым-Коргон айылында төрөлгөн. Жолдошу менен аяш апасы аркылуу таанышкан. Учурда жолдошу Жылдызбек Көлбаев 42 жашта.

«Экөөбүз бири-бирибизди бир көрүп эле жактырганбыз. Андан көп өтпөй эле баш коштук. Азыр баары жакшы, кыйынчылыктар артта калды. Жолдошум абдан эмгекчил, адамгерчиликтүү, балдарына сүйүктүү ата. Мага дайыма жардам берип, колдоо көрсөтүп келет», - деди ал.

Гүлмира Шапакова жаңы келин болуп келгенде «Орус келин» деген атка конгон.

«Алгач эмне себептен мени мындай аташканына түшүнгөн эмесмин. Көрсө чүйлүк болгонум үчүн ошентип коюшчу экен. Айылга келип, кайнатамдардын үйүндө бир жыл жашап эле тоого кеттик. Ал жерде элдин малын бактык. Жолдошум айылга көп каттачу. Кайненем, балдарым болуп жалгыз калчу элек. Бир күнү жаан катуу жаап, койлор коктуга кетип калыптыр. Жер тайгалак болуп, койлорду айдап келе албай кыйналганым эсимден кетпейт. Жайлоодо жүрүп бээ, уй сааганды үйрөндүм. Мындан сырткары ат менен жүрүүнү өздөштүрдүм. Бир жолу ат чаап келе жатсам кайненеме кошуналар "орус келин кыйын экен, биздин кыздардан ашып кетти" деп айтып, таң калышыптыр.

Бош убакта курак курап, балдарыма байпак түйөм. Келечекте балдарыма татыктуу тарбия берип, алар эл керегине жараган инсандардан болсо дейм», - деди ал.

Жеңеке 4 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×