Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуАт-Башы району 20.01.2019 17:39

«Жеңеке»: Кайнагасынын көзүнчө бийлеген Аида андан жүгүнүп кечирим сураганын унутпайт (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ат-Башы районунун Казыбек айылына келин болгон 22 жаштагы Аида Муратбек кызы. Ал келиндик доордогу кызыктуу окуяларын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Аида Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылында төрөлгөн. Ал 1 уулдун апасы, учурда жолдошу экөө экинчи баласын күтүп жатышат.

«Жолдошум Адилет 25 жашта. Ал дыйкан чарба менен алектенет. Экөөбүз сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөнбүз. Мени базардан көрүп, сүйүп калганын айтат. Ал учурда 9-класста окучумун. Мен да аны бир көрүп жактырып калгам. Анын Самат аттуу досу аркылуу таанышканбыз. Самат экөөбүз дос катары интернет аркылуу сүйлөшчүбүз. Адилет досунан мени менен тааныштырууну суранган экен. Жолдошум жоош, көп унчукпайт, менин сөзүмдү эки кылбайт», - дейт жеңеке.

Кайын агасын байкабай бийлеген Аида жеңе андан кайра-кайра жүгүнүп кечирим сураганын унутпайт.

«Турмушка чыкканда толук болчумун. Тоого мал бакканы барганда жолдошумду көтөр деп кыйначумун. Ал кезде сүйүү күч алып турган кез эле, бирок толук болгонума карабай, тоого көтөрүп чыкчу. Экөөбүз тоодон ат менен жарышкан күндөр болду. Бирок ал дайыма менден калып калчу. Такыр мылтык кармап көргөн эмесмин. Жолдошум мылтык атканды да үйрөттү. Бир күнү мылтыкты эшикке көтөрүп чыгып, кайнагамдын унаасын мээледим. Бирок кайра ойлонуп кетип үйгө кирип бара жатсам мылтык атылып кетти. Ошол учурда таякемдин аялынын боюнда бар болчу. Ошондон кийин мылтык кармагыс болгом.

Жаңы келин болуп келгенде кайнагам бар экенин унутуп калып, аяштарым менен бийлей бериптирмин. Ал тамекисин тиштеген бойдон мени карап калды. Бир маалда жолдошумдун досу кайнагам карап жатканын айтты. Уялганымдан эмне кыларымды билбей туруп калдым. Кайнагамдын жанына барып, кайра-кайра жүгүнүп, кечирим сураганым эсимден кетпейт.

Кайненем мага көп нерсени үйрөттү. Бир жолу шырдак шырып жатканбыз. Мен өмүрүмдө мындай иш жасап көргөн эмесмин. Шырдак шырый албай, апамдан тил уккам. Бирок апам мага кайра үйрөткөн», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×