Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-апрель
Нарын облусуАт-Башы району 12.12.2018 16:44

Ат-Башы айылындагы көчөгө Ч.Айтматовдун ысымын ыйгаруу сунушталды (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 12-декабрда өткөн иш-чарага райондогу мекеме-ишкана кызматкерлери, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, айыл тургундары катышты. Салтанаттуу иш-чарада Ч.Айтматовдун чыгармалары сахналаштырылып коюлуп, ага арналган обондуу ырлар аткарылды. Мындан сырткары залкар жазуучуга арналган атайын бурч уюштурулду. Анда Ат-Башы айылындагы Ат-Башы көчөсүнүн аталышын алмаштырып, ага Ч.Айтматовдун ысымын ыйгаруу керектиги айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×