Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-апрель
Нарын облусуАт-Башы району 13.12.2018 10:05 На русском

Ат-Башыда мыйзамсыз унаа оңдогон жеке ишкерлерге протокол түзүлдү (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунда «Унаа-издөө-костоправ» аталыштагы рейд уюштурулду. Бул тууралуу Нарын облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо штабынын инспектору, милициянын капитаны Калыс Өмүрзаков билдирди.

Маалым болгондой, Нарын ОИИБдин ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан Нарын облусунун аймагында 2018-жылдын 10-декабрынан 15-декабрына чейин жол кырсыктарын жана кылмыштуулукту алдын алуу, мыйзамсыз ишкерлик кылган автоунаа оңдоочуларды аныктоо максатында текшерүү иштери жүрүп жатат. 12-декабрь күнү Ат-Башы районунда автоунаа оңдоп-түзөгөн ишкерлер текшерилип, мыйзамсыз жеке ишкерлик кылган эки адамга Административдик кодекстин 213-беренесинин 3-бөлүгү менен протокол түзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×