Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-апрель
Нарын облусуАт-Башы району 13.12.2018 10:43

Ат-Башыдагы жайлоодо жашап жаткан кичи памирлик үй-бүлөгө жардам көрсөтүштү (сүрөт)

Turmush -  Мындан эки ай мурун Ат-Башы районунун Чар өрөөнүнө жайгаштырылган кичи памирлик үй-бүлөгө бала бакчалардын жамааты жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Ат-Башы районунун акиминин орун басары Ажар Дүйшөналиева кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, аталган үй-бүлөгө Ак-Моюн, Ак-Муз жана Биринчи май айылдарындагы бала бакчалардын жамааты азык-түлүк, кийим-кечелерди белек катары беришти.

Кичи памирлик үй-бүлөнүн 14 жаштагы кызы жана 8 жаштагы уулу Ат-Башы районуна караштуу Ак-Жар айылындагы мектепте окуп жатышат. Ал эми 2 жана 4 жаштагы балдары үйүндө ата-энеси менен жашап жатат.

Буга чейин Ат-Башы районуна караштуу Чар жайлоосуна Кичи Памирден келип жашап жаткан үй-бүлө Кыргызстанга келгенине өкүнбөй турганын билдиришкен болчу.

Алардын айтымында, учурда 30 жылкы жана 3 уй багып жатышат. Памирлик жубайлардын 3 уул жана 1 кызы бар. Азыр 1 уулу менен 1кызы Нарын шаарында билим алып жатышат. Ал эми жубайлар эки кичинекей баласын карап, 1 айдан кийин келе турган 100 койду багууга даярданууда.

«Мен Мухамматкул уулу Абибийла, 44 жаштамын. Келгенибизге 1 ай 5 күн болуп калды. Нарында 10 күн дарыланып, андан кийин бул жерге келдик. Бул жак жагып жатат, өз эл, өз жерибиз. Ат-Башыга үй-бүлөбүздөн алты киши келгенбиз. Баары жеңил болуп жатат. Биз жакта ооругандар көп, келгениме өкүнгөн жокмун. Бир жылдай жашап, байкап көрөйүн деп жатам. Тамак-аш менен камсыз кылып жатышат, кышка даярбыз. Азыр ооруган жокпуз, баары жакшы. Биз бакчу кой келе элек. Эми 100 койду 1 айдан кийин алып келишет. 30 жылкы, 3 уй карап, саап жатабыз. Акы үчүн 6000 сом берип жатышат. Кичи Памирде да мал бакчубуз, бирок ал жактан 8000 сом беришчү», - деген үй-бүлө башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×