Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-апрель
Нарын облусуАт-Башы району 13.12.2018 13:56

Ат-Башыда Улуттук адабият күнү белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунда 12-декабрь — Улуттук адабият күнү белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Бул күнү жазуучу Ч.Айтматов төрөлгөн болсо, улуу акын А.Осмонов каза болгон. Мына ушул белгилүү датага карата «Улуттук идея адабиятта» деген темада Ат-Башы районуна караштуу Талды-Суу айыл өкмөтүнүн З.Өмүракунова атындагы айылдык китепканасында А.Осмоналиев атындагы орто мектебинин окуучулары менен биргеликте аталган күн белгиленип, акын менен жазуучуну эскерүү кечеси өткөрүлдү. Иш-чарада Ч.Айтматовдун жана А.Осмоновдун өмүрү жана чыгармачылыктары тууралуу баяндама жасалды. Ошондой эле А.Осмоновдун турмушундагы урунттуу учурлар сахналаштырылып көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×