Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуАт-Башы району 13.12.2018 16:00

Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы: Нарында корук кызматкерлери окуучуларга оюн уюштурушту (сүрөт)

Turmush -  Нарындагы Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери тарабынан Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата окуучуларга квест оюну уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 12-декабрь күнү Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери Ат-Башы районунун Казыбек айылынын Н.Үсөналиев атындагы орто мектебинин 8-класстары арасында квест оюнун өткөрүшкөн. Оюндун шартына ылайык окуучулар топторго бөлүнүп, ар бир командага Ч.Айматовдун чыгармалары боюнча ар кандай мазмундагы 5 тапшырма берилди. Квест оюнунун жыйынтыгында 1-орунду «Жалын» командасы, 2-орунду «Ар намыс» командасы, 3-орунду «Жаратылыш» командасы ээлешип, тиешелүү даражадагы грамоталар, белектер менен сыйланышты. Ошондой эле, орундуктарга илинбей калган командаларга оюнга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×