Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-апрель
Нарын облусуАт-Башы району 14.12.2018 09:56

Жубайлар: Мугалимдердин балдары У.Саалаев менен Г.Исакбаева 17 жылдан бери окуучуларга билим беришет (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы жубайлар — Урмат Саалаев менен Гүлбарчын Исакбаева 17 жылдан бери чогуу агартуу тармагында иштеп келе жатышат. Алар менен аймактык кабарчы таанышты.

Жубайлар Ак-Муз айылындагы Боогачы Жакыпбек уулу атындагы орто мектепте эмгектенишет. Урмат Саалаев кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабагынан билим берсе, Гүлбарчын Исакбаева башталгыч класстардын мугалими.

«Жолдошум экөөбүз тең Ак-Муз айылынан болобуз. Ал менден 1 жаш улуу болчу. Жогорку класстарда окуп жүргөндө көргөн жерден учурашып койчубуз. Мектепти аяктаганда экөөбүз тең жогорку окуу жайлардан билим алдык. Өндүрүштүк практикамды айылдан өткөнү барсам, Урмат мугалим болуп иштеп жатыптыр. Ошондон баштап сүйлөшө баштадык. Ошентип Урмат 20 жашында, мен 19 жашымда баш коштук. Экөөбүздүн каныбызда мугалимдик кесип бар. Анткени өзүмдүн апам жана кайын атам мугалим болуп эмгектенишкен. Кайын атам мага сабак берчү», - деди Гүлбарчын Исакбаева.

Жубайлар учурда ата-энеси менен чогуу жашашат.

«Ата-энебиз менен чогуу жашап, 6 кызды тарбиялап жатабыз. Урмат жогорку класстарга сабак бергендиктен, ал эртең менен мектепте болсо, мен түштө сабакка барам. Экөөбүз тең бир тармакта иштегендиктен бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз. Коллектив менен жыйналыш болгондо, конокко барганда "кеч калдык, балдар эмне болду" деп сарсанаа болбойбуз. Анткени үйдө мугалим атабыз, балдар дарыгери болуп иштеген апабыз бар», - деп кошумчалады ал.

Урмат Саалаев: «Экөөбүз тең мугалим болгондуктан кыздарыбыздын окуусун, тартибин көзөмөлдөп турабыз. Келечекте кыздарыбыз каалаган максаттарына жетүү үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз. Өзүм кыргыз тилчи болгондуктан чыгармачылыкка да жакынмын. Эргүү келгенде ыр жазып коём», - дейт.

Жубайлар райондук, облустук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталары менен сыйланышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×