Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуАт-Башы району 15.12.2018 15:45

Ат-Башынын Ак-Муз айылында ордо оюну боюнча республикалык турнир өтөт

Turmush -  15-16-декабрь күндөрү Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында Абалак-Ордо федерациясынын негиздөөчүсү Нуркемел Моңкошовдун жаркын элесине арналган ордонун абалык түрү боюнча республикалык турнир өтөт. Бул тууралуу уюштуруучу Болотбек Асанакунов билдирди.

«Ага өлкөбүздүн жети дубанынан командалардын катышуусу күтүлүүдө»,- деди ал.

Нуркемел Моңкошов 1941-жылы Ак-Муз айылында төрөлгөн. Мугалимдик жана экономист кесиптерине ээ болуп, мектептерде мугалим, чарбаларда экономист болуп эмгектенген. Ал бала кезинен эле спортко кызыгып, өзгөчө ордо оюнуна басым жасаган. Ордо оюнунун ичинен абалак оюнунун жайылышына өз салымын кошкон. 1916-жылы анын авторлугу астында «Абалак ордо» деген аталыштагы китепчеси жарык көргөн. Өмүрү өткөнгө чейин кийинки муунга ордо оюнунун эрежелерин так, туура жеткирүү үчүн талбай изденген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×