Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуАт-Башы району 17.12.2018 00:27 Жаңыланды: 17.12.2018 08:17

«Жеңеке»: 36 жаштагы Мээрим жеңенин келиндик доордогу кызыктары (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы Ат-Башы районунун Ак-Жар айылына келин болгон 36 жаштагы Мээрим Төлөева. Ал келиндик доордогу окуяларын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Мээрим жеңе Нарын шаарында төрөлгөн. Мектепти аяктагандан кийин Нарын мамлекеттик университетинин инженер-программист жана тарых факультеттеринде окуган, тактап айтканда эки кесиптин ээси. Ал эми жолдошу Турдубек Жунушбаев учурда 37 жашта. Учурда жеке фирмада директорлук кызматты аркалайт.

«Турмушка 22 жашымда чыккам. Мен экинчи курсту бүтүп жатканда жолдошум үчүнчү курсту аяктап жаткан. Эки курбум “сага бир жигит көз салып жүрөт” деп айтып калышты. Чын эле байкасам алдымдан чыгып жүрдү. Автобуска кошо түшүп, үйүмө чейин артымдан барып таанышкан. Үч жыл кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Университетти аяктаганда ата-энеме келип, өзү таанышты. Ошентип сөйкө салып, жайында, тактап айтканда 7-августта үйлөнгөнбүз», - деди ал.

Турмушка чыккандан кийин кызыктуу окуяларга көп кабылганын айткан Мээрим жеңе кайын атасынын бетинен өөп алганын унутпайт.

«Жаңы үйлөнгөндөн кийин Нарынга төркүнүмө барып келдим. Негизи Нарында келиндер жүгүнөт, ал эми Ат-Башыда мындай салт жок. Мен үч күн удаа жүгүнсөм кайнатам чочуп, “болду, болду жүгүнбө” деген. Кайнатам менен кантип учурашууну билбей, "ата" деп чуркап барып бетинен өпкөм.

Апам да (кайненем) мугалим эле. Мен жаңы келин болгондо 11-класстын жетекчиси болчу. Акыркы коңгуроо үчүн кийимге буйрутма берип тиктириптир. 25-май күнү аны үтүктөп берем деп күйгүзүп алгам. Коркуп жашынып алганым эсимде. Ал окуяга чейин жолдошумдун кийимин күйгүзүп алып, эч кимге айтпай илип койгон элем.

Ал кезде чөтөк телефон жок эле. Үйдөгүлөрдү сагынып, үй телефону менен байкемдин жумушуна чала берип, телефон акысы көп болуп кетиптир. Дүмүрчөк келгенде кайын энем ким чалганын таппай сураштырганда байкеме телефон чалганымды мойнума албай, билбей турганымды айтып, апамды убара кылгам. Апам кошуналарды кыдырып сурап чыккан эле.

Бир жолу жолдошум экөөбүз кар менен чабышып ойноп жатканбыз. Кайнатам келе жатканын көрбөй калып, аны кар менен кулагына чаап алгам. Жолдошума абайлабайсыңбы деп ага шылтап койгом. Жолдошум балдарына камкор ата, бизди эч нерседен кем кылбайт. Өзүм бош убакта даамдуу тамактарды жасап, балдарым менен болгонду жактырам. Эки уул, эки кызымды татыктуу тарбиялоону максат кылам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×