Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуАт-Башы району 17.12.2018 09:33

Ат-Башыда кыздар арасында өткөн волейбол боюнча райондук турнирдин жеңүүчүлөрү сыйланышты (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында кыздар арасында волейбол боюнча райондук турнир өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ага райондун айылдарынан келишкен 8 курама команда катышты. Алар эки тайпага бөлүнүп, өз ара беттеш өткөрүштү. Эки тайпанын жеңүүчүлөрү жарым финалдык жана финалдык беттешүүдө кездешип, байге үчүн кызыктуу оюн көрсөтүшкөн. Мелдеште 3-4-орун үчүн болгон беттеште Ак-Муз айылынын кыздар командасы жеңишке жетишти.

Ал эми 1-2-орун үчүн болгон беттешүү курч мүнөздө өттү. Анда Баш-Кайыңды айылынан келген кыздар Терек-Суу айылынан келген кыздар менен беттешти. Оюндун жүрүшүндө терек-суулук кыздар өздөрүнүн мыкты даярдыкта экенин көрсөтүшүп, атаандаштарын жеңилүүгө аргасыз кылышты. Мелдештин жыйынтыгында 1-орун Терек-Суу айылынын кыздар командасына, 2-орун Баш-Кайыңды айылынын кыздар командасына, 3-орун Ак-Муз айылынын кыздар командасына ыйгарылды. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы дипдомдор тапшырылды. Ал эми Таалайбек кызы Айдана, Кубанычбек кызы Кыял, Алмазбек кызы Мээрим мыкты оюн көрсөткөндүгү үчүн грамота жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Терек-Суу айылынын командасына мелдештин кубогу тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×