Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-апрель
Нарын облусуАт-Башы району 17.12.2018 11:16

Ат-Башынын Өзгөрүш айылындагы окуучулар спорт залдын жоктугунан дене тарбияны сырттан өтүшөт (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылындагы мектептин жаңы спорт залынын курулушу бүтпөй, орто жолдо калган. Бул тууралуу Султанбек Раимбеков атындагы орто мектебинин директору Азатбек Токтобаев билдирди.

Анын айтымында, учурда аталган мектептин окуучулары спорт залдын жоктугунан дене тарбия сабактарын сыртта өтүшөт.

«Биздин мектепте азыркы учурда 150 окуучу билим алып жатат. Мектептин учурдагы эң эле көйгөйлүү маселеси — спорт зал жок. 2009-жылы жаңы спорт залдын курулушу башталып, бирок аягына чыкпай калган. Түрткү берүүчү гранттан 1,5 млн сом акча каражаты которулган, анын 800 миң сому спорт залдын каркасын тургузууга кетип, ошол боюнча курулушу токтогон. Калган акча белгисиз. Айыл өкмөт башчыбыз, Ат-Башы райондук мамадминистрациясынын жетекчиси, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү баш болуп бул спорт залдын курулушун 2019-жылдын бюджетине киргизип берсе экен деп жатабыз. Эгер ушул спорт залыбыз бүтүп калса, биздин окуучуларыбыздын дене тарбия сабактарын өтүүгө шарт түзүлүп, айыл элиндеги жаштардын терс көрүнүштөргө барбай калышына чоң жардамы тиет эле деген ойду айткым келет», - деди ал.

Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Бердигуловдун берген маалыматына караганда, спорт залдын курулушуна түрткү берүүчү гранттан 1,5 млн сом бөлүнүп, анын 800 миң сомуна иш жүргөн. Ал эми калган 600 миң сомдун тегерегиндеги акча туура эмес пайдаланылгандыктан 2010-жылы курулуш жүргүзгөн тарапка кылмыш иши козголуп, жооптуу адам 6 жылга сот жообуна тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×