Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-апрель
Нарын облусуАт-Башы району 17.12.2018 23:04

Ат-Башынын Ак-Муз айылында ордо оюну боюнча республикалык турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында Абалак-Ордо федерациясынын негиздөөчүсү Нуркемел Моңкошовдун жаркын элесине арналып ордонун абалак түрү боюнча республикалык турнир өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 2 күнгө созулган оюнга жалпы 20 команда катышты. Спортчулар Тажикстан өлкөсүнөн, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл облустарынан, Бишкек шаары, Нарын району жана Ат-Башы районунан келишкен.

«Бул оюнду өткөрүү боюнча Абалак-Ордо федерациясынан сунуш келип, өткөрүп жатабыз. Атам менен ойноп жүргөн ордочулар менен бирге уюштуруу иштерин жүргүздүк. Башында район боюнча өткөрөлү дегенбиз. Бирок кайра ойлонуп көрүп, эл аралык деңгээлде өткөрдүк. Жалпы 20 команда келди, алыскы Тажикстан өлкөсүнөн, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл, Бишкек, Нарын районунан 6, Ат-Башы районунан 11 команда катышты. Максаты абалак оюнун өнүктүрүү жана жайылтуу болуп эсептелинет. Оюн 2 күнгө созулду. Жеңүүчүлөргө диплом, кубок, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Чогуу уюштуруп берген Абалак-Ордо федерациясына, Ак-Муз айылынын ордочуларына жана Ак-Муз айылынын бир топ тургундарына ыраазычылык билдирип кетем», - деди Нуркемел Моңкошовдун эң кичүү уулу Кубанычбек Нуркемелов.

Оюндун жыйынтыгы менен 1-орунду Бишкек, 2-орунду Ат-Башы районунун Бирлик айылынан келген команда, 3-орунду Ысык-Көл, 4-орунду Ат-Башы районунун Казыбек айылынан келген «Ордо» командасы алды. Биринчи орунду ээлеген Бишкектин командасына өтмө кубок тапшырылды. Эми бул оюн 2 жыл сайын өткөрүлүп турмай болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×