Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-апрель
Нарын облусуАт-Башы району 18.12.2018 10:02 На русском

Ат-Башыдагы памирлик үй-бүлөнүн тиштери текшерилип, азык-түлүк тапшырылды (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районундагы Чар кыштоосунда жашап жаткан памирлик үй-бүлөгө тиш дарыгери менен Кызыл-Туу айылындагы бала бакчанын кызматкерлери барып, абалдарын сурап келишти. Бул тууралуу Ат-Башы районунун акиминин орун басары Ажар Дүйшеналиева билдирди.

Маалым болгондой, Кыргызстанга балдарын окутуу максатында келген памирлик үй-бүлөгө Ат-Башы районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы «Сезим-Тал» бала бакчасынын кызматкерлери кийим-кече, азык-түлүк тапшырышты. Ал эми тиш дарыгери памирликтердин тиштерин дарылады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×