Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-апрель
Нарын облусуАт-Башы району 18.12.2018 10:37

Ат-Башыда ордо боюнча өткөн республикалык ачык биринчиликтин мыктылары сыйланышты (видео, сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында Абалак-Ордо федерациясынын негиздөөчүсү Нуркемел Моңкошовдин жаркын элесине арналып өткөрүлгөн республикалык ачык биринчилик жыйынтыкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага Нарын облусунан 15, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облусунан, Бишкек шаарынан жана Тажикстан өлкөсүнүн Мургаб районунан келишкен 20 команда ат салышты. Командалар 4 тайпага бөлүнүшүп, өз ара оюн өткөрүштү. Эки күнгө созулган мелдештин алгачкы күнүндө тайпалар арасында жеңүүчүлөр тандалып, экинчи күнү финалдык оюн өткөрүлдү. Финалдык беттешүүдө 3-4-орун үчүн Ысык-Көл облусунун командасы менен Нарын облусунун командасынын ортосунда өтүп, Нарын облусунун командасы жеңишти камсыз кылышты. Биринчи жана экинчи орундар үчүн Бишкек шаары менен Нарын облусунун ортосунда болгон таймаш атаандаштыкта өтүп, көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытты. Бишкек шаарынын оюнчулары атаандаштарын жеңилүүгө аргасыз кылышты.

Мелдештин жыйынтыгында биринчи орунду Бишкек шаарынын, экинчи орунду Нарын облусунун командасы, үчүнчү орунду Ысык-Көл облусунун командалары ээлешти. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды. Ал эми Дүйшөмбиев Сыргабек, Сакыбаев Кеңешбек «Мыкты тоорумакчы», Тукешов Алтынбек, Мукашев Мирлан «Мыкты кадамакчы» наамдарына ээ болушуп, грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты. Мелдештин жеңүүчүсү болгон Бишкек шаарынын командасына турнирдин өтмө кубогу тапшырылды.

«Мындай мелдеш быйыл экинчи жолу өтүп жатат. Бул турнирди мындан ары эки жылда бир өткөрүп туруу макулдашылды. Кийинки жылдары эл аралык деңгээлде өткөрүүнү пландаштырып жатабыз. Оюнчуларыбыз эл аралык мелдешке даяр болуп калды», - деди Кыргыз Республикасынын Абалак-Ордо федерациясынын төрагасы Абас Бокошев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×