Бөлүмдөр
Ишемби, 20-апрель
Нарын облусуАт-Башы району 06.01.2019 12:30

«Мекендештер»: Кытайда окуган Ш.Уланбеков 30 000 сом стипендия алып, заманбап жатакананын бир бөлмөсүндө жалгыз жашайт

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 24 жаштагы Шабдан Уланбеков. Ал 1994-жылы Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында төрөлгөн. Учурда Кытай Эл Республикасынын Ички Моңголия автономиялуу районундагы Хух-Хото шаарында магистратурада окуп жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Шабдан Уланбеков 5 бир тууган. 3 агасы, 1 иниси бар.

Ал 2012-жылы Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы орто мектепти аяктап, чет мамлекеттен билим алуу максатында Россия Федерациясынын Кострома мамлекеттик айыл чарба академиясында окуп, инженер-технолог кесибине ээ болгон. Экономикасы боюнча алдыңкы өлкө болгон Кытай мамлекетинин айыл чарбасына кызыккан кыргыз жигити багытын Кытайды көздөй буруп, алгачкы жарым жылдыкта Кытайдын Шаньдун провинциясынын Цзыбо шаарында кытай тилин, маданиятын үйрөнүүгө барган.

Кытайдагы билим берүүнүн сапаты

- Кытай тилин жаңы окуп баштаганда бир аз кыйынчылыктар болгон. Дүкөнгө тамак-аш алганы барганда түшүндүрүп айтып бере албай, сүрөтүн көрсөтүп же жандап түшүндүргөн учурлар болгон. Кийин тилди тез өздөштүрүп, көнүп кеттим. 2017-жылдан бери Ички Моңголия автономиялуу районунун Хух-Хото шаарындагы университетте айыл чарба багытында билим алуудамын. Бул окууга өкмөттүк грант менен өткөм. Анда студенттерди жатакана, медициналык жеңилдиктер, 12 ай стипендия менен камсыз кылышат. Стипедия ай сайын 3 000 юань (биздин сом менен 30 000 сом болот). Ал эми билим берүүдө талаптар жогору. Өз күчүң менен окуп, упай топтойсуң. Эгер жыйынтык жакшы болбой калса, Кыргызстандагыдай акча берүү деген түшүнүк жок. Кыргызстанда окууга өтүү абдан жеңил. Сабак билгени да, билбегени да жогорку окуу жайларда акчанын күчү менен билим ала алышат. Биз кыргыздар окууну негизги максат кылбай, «диплому бар экен» деген сөз үчүн гана окуйбуз. Ал эми Кытайда мындай эмес, билим алуу үчүн күндүр-түндүр окуп, жаттап, сынак тапшырып гана окууга өтүшөт. Университетке окууга тапшыра албай калгандар да бар. Жакшы окуп бүткөндөр сөзсүз түрдө айлык акысы жогорку кызматка бара алышат. Мен алган стипендия Кытайдын башка шаарларынын маданиятын, тарыхын көрүүгө жетет.

Бир бөлмөлүү жатаканада жашайм

- Кытай эли, Кытай мамлекети чет өлкөлөрдөн билим алууга келген студенттерге жакшы мамиле жасашат. Мисалы, мен 1 бөлмөлүү бардык шарты бар жатаканада жашайм. Ал эми менин кытайлык 6 тайпалаштарым чогуу бир бөлмөлүү жатаканада жашашат. Кээде дүкөндөргө барып, кезекке туруп калсаң «чет жердик экен» деп, кезекке тургузбай тейлешет. Ушул убакка чейин чет мамлекеттен келгендерге одоно мамиле кылгандарын көргөн да, уккан да жокмун. Айрымдары сүрөткө түшүп, «каяктан келдиң, Кыргызстан каякта» деп сурашат. Өздөрүнө чектеш мамлекет болсок да, бизди тааныбаганы өкүндүрөт.

Кытайга виза ачуу кыйынчылык туудурат

- Анткени виза ачтырууда да бир канча убакыт керек. Таң атпай барып узун кезекке турушуң керек, улам документтерди толукташың зарыл. Айрымдары тааныштарын ортого салып, кезек улам жогору жылбай кыжалат кылган учурлар болгон. Ал гана эмес элчиликтин алдында кезекти алдырбайын деп, түнкүсүн уктаган күндөр да болгон. Ошентип виза ачуу машакаты менен жүрүп, окууга 3 ай кечигип келгем. Кытайга келгенде климатына адаптация боло албай, тамак-ашына көнө албай жүрүп көнгөм. Ар кайсы провинцияларында тамак-аштар ар кандай. Шаньдун провинциясында жашылчаларга басым жасаса, Хух-Хото шаары Монголияга чукул болгондуктан эттүү тамактар көп желет.

Мамлекети бай, эли жакыр

- Мен көргөн Кытай өлкөсүндө баары эле сонун эмес. Көчөлөрү, сейил бактары айтор бардык жер укмуш таза болгону менен элдери таза эмес болушат экен. Тамактануучу жайларда түкүрүп, чылым чегип, дааратканага жетпей... жана башка ушундай тартипсиздик да орун алат. Айрым провинциясындагы элдер сабатсыз, тамак үчүн иштегендер бар деп айтышат. Кыскасы Кытай өлкөсүндө баары эле «окей» эмес. Кытай тасмаларын көргөндө катаал мамлекетти элестетчүмүн. Бирок андай эмес экенине ынандым. Чынында мыйзам катуу иштейт. Эч нерсең жоголбойт, эч ким уурдабайт.

Келечекте аспирантураны Россия, Кытайга окшогон чоң державага айланган мамлекетте окууну пландап жатам. Алган билимдеримди Кыргызстандын айыл чарбасына колдоном. Алган билимимди, күчүмдү Кыргызстанга арнайм. 18 жашымдан бери чет мамлекетте окуп жүргөндүктөн Кыргызстанды абдан сагынам. Эс алуу учурунда мекениме барып турам. Мен сени сүйөм Кыргызстаным, элим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×