Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуАт-Башы району 20.12.2018 09:56 На русском

«Эгиздер»: Бегайдын көзүнө тикенек кирип кеткенде эч нерсеге кызыкпай, ыйлап эле калгам, - Нурайым

Turmush -  «Эгиздер» рубрикасынын бул жолку каармандары — Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын 10 жаштагы тургундары Бегай менен Нурайым.

Бегай Курманбаева Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында 2008-жылы төрөлгөн. Эгизи экөө 5 бир туугандын экинчиси. Аталган айылдагы мектепте 4-класста окуп жатышат. Бегай келечекте доктур болуп элин дарылагысы келет.

Эгиздерди кээде атасы да тааныбай алмаштырган убактары болот.

«Келечекте элдерди дарылап доктур болгум келет. Азыртадан жакшы окуп, аракетимди жасап жатам. Эгизим экөөбүз аябай окшошпуз. Ошондуктан мугалимдер экөөбүздү тең Нурай-Бегай дей берет. Кээ бирде мен дептеримди текшерткени барсам, эже Нурай дей берет. Мугалим тааный албай экөөбүздүн сүрөттөрүбүздү үйгө көтөрүп келип апабыздан сураган убактары болгон. Кээде атабызды алдайбыз. Атам кээде мени Бегай деп алат. Ошондо ооба деп алдап коёбуз. Досторубуз бар, экөөбүздү кошкондо 5 адамбыз. Окуумдан сырткары, сүрөт тартам, кээ бирде ырдап калам. Орус тили ийримине катышабыз. Эгиз болгонубузга сыймыктанабыз», - деди ал.

Эгиздердин түгөйү Нурайым Курманбаева: «Биздин класс жетекчибиз Гүлмира Алишерова, ал эжени мен жакшы көрөм. Ал бизге жакшы сабактардан берет. Менин эгизимдин бардык жагы жагат, ал экөөбүз орус тили сабагынан ийримге катышып жатабыз. Кээде рэп ырдап калабыз. Экөөбүз жакшы эле окшошпуз. Бегайдын көзүнүн алдында калы бар. Апабыз ошондон улам тааныйт. Байкем мүнөзүбүздөн тааныйт болуш керек деп ойлойм. Бегайдын эркекче мүнөзү бар. А, мен назикмин. Мурда эс алууда Бишкек шаарына кеткем. Ошондо эгизимди 1 күндө эле сагынып кеткем. Бир жолу Бегайдын көзүнө тикенек кирип кеткен. Ошондо ага аябай боорум ооруп, эч нерсеге кызыкпай ыйлап эле жата бергем. Досторум чакырса деле ойнобой, апам алаксытып телефон берсе да албай койгом. Мен дагы келечекте дарыгер болгум келет. Анткени, ата-энем ооруп калса жардам бергим келет», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×