Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуАт-Башы району 20.12.2018 11:33

Айыл турмушу: 20 жашында «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин тагынган манасчы Н.Талантбеков (сүрөт)

Turmush -  11 жашынан баштап «Манас» эпосунан үзүндү айтып келе жаткан ат-башылык манасчы Нурбек Талантбеков менен аймактык кабарчы таанышты. Ал 1997-жылы Ат-Башы районунун Бирлик айылында жарык дүйнөгө келген.

Нурбек Талантбеков 11 жашында манасчылык өнөргө кокусунан келип калган. Ал ага чейин «Манас» эпосу тууралуу таптакыр түшүнүгү жок экенин жашырбайт. «Манас» дүйнөсүнө башка манасчылар сыяктуу эле түш көрүүнүн аркасында келген. Бул улуу өнөргө Саякбай ата жол ачкан.

«Өзүм окуган №82 орто мектептин кыргыз тилчи эжем Мээрим Көкөева менен тарыхчы Мырза агай "сен биздин мектептин атынан райондук "Жаш таланттар" кароо-сынагына катышып, "Манас эпосунан үзүндү айтасың" деген тапшырма берди. Мен мугалимдердин айткандарын эки кылбай, адабият китебин колума алып, "Манастын бала чагы" деген окуяны жаттоого аракет кылдым. Бирок бир сөзү да мээме кирбей кыйналып жатып, канча убакыт өткөнүн билбейм бир убакта үргүлөп барып, сырдуу аянга тушуктум. Кыргыз жайлоосу көзүмө элестеп, Саякбай ата батасын берди. Келдибек мындан сырткары ондогон манасчылар арасында биз тааныбаган эгиз манасчылар да түшүмө кирип, батасын берип алкашты. Бул жөн эле эмес экенин, шыбагасы кемибей турганына толук ынанып, жашоомду толугу менен "Манаска" байладым. Манасчылык касиет тай жактарыман келсе керек. Анткени Ат-Башынын азык уруусунан чыккан манасчы Келдибек Барыбоз уулу чоң таятам», - деди ал.

Нурбек Талантбеков манасчылык өнөрдү өркүндөтүү максатында, 2013-жылдан тартып Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда 2 жылдык студияда манасчылык боюнча билим алган. 2015-жылы №35 орто мектепти бүтүрүп, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Манас таануу институтунун студенти болгон. Нурбек Талантбековдун манасчылык дараметине Рысбай Исаков жана башкалар чоң манасчылар жакшы бааларын берип келет.

Нурбек «Манас» эпосунан үзүндү айтуу менен гана токтоп калбастан манасчылык боюнча китеп даярдоону пландоодо.

«Биринчиси 170ке чукул манасчылардын өмүр баяны, сүрөттөрү менен заманбап китеп болсо, экинчиси Манас эпосу боюнча манас таануу сабагына керектүү тест китептер. Жаш таланттарды колдоо максатында, айыл жергесиндеги окуучуларга "Манас" эпосу боюнча китептерди алып барып, стипедия берип шыктандырып келем. Жыйынтыгы жаман эмес. Райондук, облустук жана республикалык кароо-сынактарга катышып, ар кандай орундарды алып келем. Ушундай эмгектеримдин натыйжасында бир нече диплом, ардак грамоталардын ээси болдум. 2017-жылы 20 жашымда Кыргыз Республикасынын "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйландым. Сыйлык алуу мага демиме дем, күчүмө күч берет.

Нурбек Таланбеков үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу. Атасы Талантбек уста болсо, апасы Венера китепканачы, почта кызматкери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×