Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-апрель
Нарын облусуАт-Башы району 20.12.2018 15:10

Жубайлар: 69 жыл бирге жашаган Каратай ата менен Айнаке апа 13 чөбөрөлүү болушкан (сүрөт)

Turmush -  «Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын тургундары Каратай Саркелдеев менен Айнаке Шабдраева.

Каратай Саркелдеев 1929-жылы Ак-Муз айылында төрөлгөн. Ал жаш кезинде 10 жылдай бригадир болуп, кийин өз айылында дүкөнчү болуп да эмгектенген. Каратай ата ал убактагы катаал жашоо менен азыркы жыргал жашоону салыштырып болбойт дейт.

«Мен колхоздо 10 жылдай талаачылык боюнча бригадир болуп иштедим. Советтер союзунун убагында 1950-жылы аскерге бардым, 3 жыл 8 ай дегенде үйгө кайра келдим. Аскерден келгенден кийин Ат-Башыда кассир болуп 1 жылдай иштедим. Андаң соң, Ак-Музга барып дүкөнчү болуп бир топ жыл эмгектендим. Ар кандай кызматты аркаладым. Кийин эле дыйкан чарбага бөлүнбөдүкпү. Биз бала кезде колхоздо трактор, унаа, жер айдаган соко деген жок болчу. Ал убактарда аталарыбыз аскерге кетип, апалар жана балдар калган. Биз ошондо атка минип, аялдар соко кармап талаага түнөп, иштеп жер айдачубуз. Сугат сугарганда, азыркыдай өтүк же кийим деген жок болчу. Жылаңаяк жүрүп, буттарыбыз кесилчү. Чөмөлө тартчубуз, азыркыдай даяр эч нерсе жок болчу. Тартип күчтүү болчу», - деди ал.

Айнаке Шабдраева 1928-жылы Нарын районуна караштуу Күйбышев айылында төрөлгөн. 1949-жылы турмушка чыгып, 11 бала төрөп, «Баатыр эне» наамына ээ болгон.

Каратай ата менен Айнаке апанын учурда 11 бала (6 эркек , 5 кыз), 30 небере, 13 чөбөрөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×