Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-апрель
Нарын облусуАт-Башы району 20.12.2018 16:12

«Тагдыр»: 10 жыл кант диабети менен ооруп, бутун кестирген Т.Сыдыков көп жылдык өмүрүн айдоочулукка арнаган

Turmush -  Айдоочу Токтогул Сыдыков кант диабети менен 10 жыл жабыркап, 2012-жылы Бишкек шаарынан 1 бутун кестирген. Ал оорунун өөрчүп кеткенинин кесепетинен ушундай абалга тушукканын жана ден соолукту биринчи орунга коюу керектигин айтат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Токтогул Сыдыков 1962-жылы Ат-Башы районуна караштуу Кирпич-Завод айылында төрөлгөн. Аталган айылда мектеп жок болгондуктан Ат-Башы айылындагы мектепти бүтүргөн. Анын чоң атасы, атасы, агаларынын бардыгы айдоочу болгондуктан Токтогул Сыдыков дагы айдоочу болуп, көп жылдык өмүрүн ушул тармакка арнаган. Анын уулдары дагы атасынын жолун жолдоп айдоочу болуп иштешет.

«Кирпич-Завод айылында жашап келе жатам. Бул жакта мектеп жок болгондуктан Ат-Башы айылынын мектебин окуп бүтүрдүм. Өмүр бою техника менен келе жатам десем болот. Себеби менин аталарым, агаларымдын бардыгы айдоочу болушкан. Мен алардын жолун жолдосом, менин уулдарым дагы менин жолумду жолдошту. Көп жылдык өмүрүмдү ушул айдоочулукка арнадым», - деди ал.

Айдоочу ден соолукту жакшы карап, анын кадырын билүү керектигин айтты.

«2012-жылы Бишкек шаарына барып бутумдун тизеден өйдө кестирдим. 2-топтогу майып болуп калдым. Бир мүчөң кемип калса, кыйын эле, айла жок кудай деп жашайсың. Ошон үчүн ден соолукту жакшы караш керек. Басканда, турганда кыйын болот экен. Өз алдыңча жумуш жасай албай, кишинин жардамы менен жасап калат экенсиң. Бир бут менен кулап кетпейм, өзүмө сакмын. Ширеткич болуп, темир устачылык кылып, унаа оңдойм», - деди ал.

Айдоочунун 2 кыз, 3 уулу, 4 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×