Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуАт-Башы району 21.12.2018 11:24

Кыргызстандын жаратылышы: Аппак кар жамынган Чар кыштоосу (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнө караштуу Чар кыштоосуна кар калың түшүп, айлана ак шейшепке оронду.

Чар кыштоосу Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнө карайт. Аталган айыл өкмөттүн башчысы Жеңишбек Кайыпов кыштоо туурасында маалымат берди.

«Бул кыштоонун жалпы аянты 4 миң гектарды түзүп, кышкысын 30 түтүнгө чейин фермерлер жашайт. Жазында жаздоо болот, жайында малдын баары Ак-Сайга кетет. Кайра күзүндө түшүп келет. Жазында райондогу элдин көбү ушул жерге бээ байлап чыгышат. Себеби, чөбүнүн калориясы күчтүү, ошол кезде бээ байлап, сүтүн ичсе ден соолукка дарылык касиети бар. Бишкек—Торугарт жолуна жана айылга чукул, суусу, жарыгы бар. Эл ошого карап Чар кыштоосуна чыгып, эс алышат. Кышкысын кар калың түшөт, учурда анын бийиктиги 40 см болууда. Эми кышкы эс алуучу сезон башталат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×