Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуАт-Башы району 21.12.2018 16:42 На русском

Ат-Башы району боюнча жалгыз экспонат — көөрүк 74 жыл мурун жасалган (сүрөт)

Turmush -  Согуштун ардагери Турдалы Үмөталиев 1944-жылы уйдун терисинен көөрүк жасаган. Кийин анын үй-бүлөсү ал буюмду Ат-Башынын музейине тапшырышкан.

1921-жылы Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айылында төрөлгөн Турдаалы Үмөталиев 1942-жылы согушка барып, 1944-жылы 1 колунан жарадар болуп келген. Андан соң ошол убакка керектүү буюмдарды жасаган уста жок болгондугуна байланыштуу айылда калган. Ал 1944-жылы устачылыкка эң керектүү болгон көөрүк деген буюмду жасаган. Анын салмагы 30 кг, бийиктиги 1,20 метр болгон. Ал адам 93 жашында каза болгон.

Турдаалы Үмөталиевдин келини Ажар Дюшеналиева: «Көөрүк уйдун терисинен жасалат. Аны иштетип, түгүн алып, формага келтирип, темирге кердирип туруп жасайт. Биздин атабыз согушка катышкан адам. Ал киши Ат-Башы районуна темир уста катары таанылган адам болгон. Согушка барып, ал жактан колунан жарадар болуп, 1944-жылы келген. Ал убакта уста жокко эсе болгондуктан эл аны бул жакка керек адам деп, ошол боюнча алып калышкан. Ошол кездеги айыл чарбасына керектүү шаймандардын баардыгын жасаган. Бул көөрүк район боюнча сакталып калган эң мыкты жана жылгыз экспонат. Ушул буюм атамдын көзү өткөндөн кийин үйүбүздө эле турду. Кийин жеңиштин 70 жылдыгына карата музей ачылды. Ошондо атамдын башка улуу балдарынан уруксат алып, ушул көөрүктү музейге бергенбиз», - деди.

Көөрүк - усталардын көмүрдү үйлөтө турган аспабы. Көмүргө көөрүк жан киргизет. Кыргыздар урунган көөрүк «кол көөрүк» же «ала көөрүк» деп аталган. Бул эки туюк териден, ача жыгачтан, түтүк темирден турган. Кош багалектүү көөрүктүн сырты түктүү да, жаргактуу да келген. Буга эчкинин, койдун, кийиктин, музоонун жана кулундун терисин колдонушкан. Көөрүктүн жерге тийип турган эки жагында кармай турган казыкчасы болот. Мунун колго алуучу тарабында «жуушанча» жыгачы бар. Анда баш бармакка илүүчү, төрт салаага кирүүчү кайыштары бар. Ал ачылып-жумулуп турат. Жел ууртатууда көөрүктү алма-телме көтөрүш керек. Көөрүк жыйырылып, жел чыкпай калбашка анын алаасын керип туруучу казыкча орнотулат. Көөрүктүн учундагы бирөөнүн жоондугу билектей кош жыгач адегенде темир бурама аркылуу чебер тешилген. Ошол көңдөйүнүн кенендиги баланын билеги баткандай эки тешик бир жайдан чыгат.

«Согуштун учурундагы окуяларды чагылдырган “Арман” деген фильм бар. Ошол тасмада көөрүк жөнүндө көбүрөөк баяндалып көрсөтүлөт. Анда усталардын устаканада темир иштетип жатканы көрсөтүлөт. Ага кара күч керек болгон, жалгыз киши жасаган эмес. Көөрүк жок эч нерсе кыла алышкан эмес. Өтө ыйык деп бааланчу. Анын салмагы болжол менен 30 кг, бийиктиги 1,20 метр болот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×