Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-апрель
Нарын облусуАт-Башы району 22.12.2018 14:07 Жаңыланды: 22.12.2018 19:10 На русском

Ат-башылык мергенчи 39 бөрүнү жок кылды. Тайгандар тирүү карышкыр менен алышкан видео

Turmush -  Бүгүн, 22-декабрда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Булуӊ айылынын тургуну Талант Апысов дагы бир карышкырды жок кылды. Ал тайдын этин бөлө тартып жеп жаткан 3 карышкырдын бирин тайгандардын жардамы менен кармаганын Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди. Муну менен мергенчи 1983-жылдан бери жалпы 39 карышкырды колго түшүрдү.

«Желе-Дөбө айылында бир тайды 3 карышкыр жерге жыгып, этин жеп жатышыптыр. Биз барганда 2 карышкыр качып кетип, бирин тайгандарым кармап калышты. Окуянын калганын видеодон көрсөӊүз болот», - деди Т.Апысов.

Ал 1983-жылдан бери кыргыз тайгандарын багуу менен алектенет.

«Эмнегедир ата-бабамдын мергенчилик нарк-насилин уланткым келди көрүнөт. Айтор, мергенчиликке аябай кызыгам. Бирок куш салып, тайган агыткан мергенчилик жагат. Элге, мал-жандыкка зыяны тийип жаткан жырткычтарга ууга чыгып, дайым ушундай жолдуу кайтабыз. Бүгүнкү кармаган бөрүнү кошкондо эсебимде 39 карышкыр болду.

Өзүмдүн 7 тайганым бар. Ар биринин мүнөзү, кыял-жоругу ар башка. Кыргыздын тайгандарын жоготпой келе жатабыз», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×