Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-апрель
Нарын облусуАт-Башы району 24.12.2018 09:23

Айыл турмушу: Мугалим О.Мамбеталиеванын окуучусу жаңы жыл майрамын өткөрбөйм деп шыптан секирип түшкөн

Turmush -  Эл агартуунун отличниги Орунбүбү Мамбеталиева Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү мектепте балдарга билим берип, алардын ийгилигин арттырууга салым кошуп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Орунбүбү Мамбеталиева 1965-жылы 20-апрелде Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында төрөлгөн. 1988-жылы классташына турмушка чыккан. Кесиби боюнча математика сабагы боюнча мугалим. Учурда ал Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү Карыбек Карпеков атындагы орто мектебинде эмгектенип келе жатат. Алгач ал эмгек жолун ошол эле райондогу Дыйкан айылдык мектебинде 1,5 жыл иштеп баштаган. Ошондон бери жалпы 31 жыл мугалимдик кесипти аркалап келе жатат. Бул аралыкта ал иш сапары ийгиликтүү болуп келе жатканын белгилейт. Себеби ушул эле жылкы бүтүрүүчүлөрүнүн арасынан алтын сертификат алып, мектептин намысын коргоп бергендер болгон.

«И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин математика факультетин бүтүрдүм. Андан бери өз кесибим менен балдарга билим берип келе жатам. Пенсияга чыксам дагы жашоо шартка байланыштуу бир аз саат менен иштөөдөбүз. Мен буга чейин 4 жолу класс бүтүрдүм. Алар менен сыймыктансам болот. Кыргызстан боюнча Нарын облусунда 3 алтын сертификат болсо, анын үчөө тең Ат-Башы районунан алышты. Алардын ичинен менин окуучум Мырзайым Темирбекова 221 упай алды. Дагы сыймыктанчу окуучуларым көп. Ушул мектепте менин эки окуучум мугалим болуп иштеп жатат. Артыңда из калтыруу үчүн дагы 1 алтын сертификат алып берсемби деген ой менен балдарды тарбиялап жатам», - деди ал.

Мугалим балдардарга билим берүүдөн энергия аларын айтат.

«Баласыз мен өзүмдү элестете албайм. Быйыл пенсияга чыктым деп, классымды бүтүрүп койдум эле. Бирок бир жак капталым бошоп калгандай сезип жатам. Бала менен канчалык иштешкен сайын менин жан дүйнөм ошончолук кеңеет жана эс алам, энергия алам. Мектепке келбей калган күндөрү кадимкидей бук болом. Ар бир сабагымды жакшы өткөнгө аракет кылам. Эгерде окуучу башкача көз карашта карап калса, түшүнбөй калды деген ой менен кайра түшүндүргөнгө аракет кылам. Айтор, өзүмдөгү билимди балдарга жеткирүүгө аракет кылам. Ошонун негизинде окуучуларым жакшы жетишкендиктерге ээ болуп жатса керек деп ойлойм», - деди ал.

Мугалим жаңы жылдык кечеге өзгөчө иш-чара уюштуруп, көрүүчүлөрдү таң калтырган.

«Бир жолу классым менен жаңы жылдык иш-чара уюштурдук. Бир окуучум шайтан болуп чыккан. Ал кезде спорт залыбыздын үстүнөн аркан менен түшүүгө мүмкүнчүлүк бар болчу. Ал кызды эрте эле үстүнө чыгарып жибергенбиз. Көрүүчүлөр ал кыздын үстүндө экендигин билишкен эмес. Майрам башталганда эле шайтан аркан менен үстүнөн “жаңы жылды өткөзбөймүн” деп секирди. Элдин баары качып башташты. Ошол жердеги ата-энелердин, окуучулардын, мектеп директорунун жүрөгү түшүп, башкача абалда болушкан. Чыгармачылыгыбыздын күчтүүлүгүнө баа беришкен. Ал окуя бизге стимул болуп, ошол эле класс менен көп нерселерди ойлоп чыкканбыз», - деди ал.

Орунбүбү Мамбеталиева: «Азыр бардык жерлерде эле көйгөй бар. Ошол сыяктуу биздин мугалимдер арасында көйгөйлөр болуп жатат. Союз учурунда мугалимдерге коммуналдык кызмат деп жардам берчү эле. Бүгүнкү күнү эч нерсе жок. Айлыгыбыз аз дегенде деле өкмөттүн чөнтөгүн көрүп жатабыз. Ушуга кудайга шүгүр деп жашап жатабыз», - деди.

Мугалимдин 5 эркек, 1 кызы, 3 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×