Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-апрель
Нарын облусуАт-Башы району 25.12.2018 11:17

Жаш талант: Ат-башылык сүрөтчү Кыялбектин ийгилиги жана эмгектери (сүрөт)

Turmush -  16 жаштагы сүрөтчү Кыялбек Темирбеков келечекте архитектор болгусу келет. Ал кичинекей кезинен баштап эле ийгиликтерге жетишип келе жатканын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Убактысынын көбүн сүрөт тартууга арнаган Кыялбек 2002-жылы Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси. Ал аталган айылдагы К.Карпеков атындагы орто мектебинде 10-класста окуйт. Келечекте архитектор болууну самаган жаш сүрөтчү өткөн жылы жаш таланттардын сынагына катышып, 1-орунду жеңип алган. Бул анын акыркы жараткан ийгилиги. Эми алдыда бул өнөрүн өркүндөтүүнү максат кылат. Ошондой эле стол үстүндөгү теннис ойнойт.

«4-классымдан бери мектептеги сүрөт ийримине катышам. Ал жактан портрет, пейзаж, графика түрүндөгү сүрөттөрдү тартып үйрөнгөнбүз. 5-классымдан баштап жаш таланттар сынагына катышып келе жатам. Жаратылышты коргоо боюнча сынак өтүп, макеттерди жасап, Ат-Башы району боюнча биздин мектеп 1-орунду алганбыз. Мектепте өткөн сынактарга да катышып, мугалимдерге сабакка керектүү сүрөттөрдү тартып берип жүрөм.

Келечекте архитектор болуп, кооз үйлөрдү, мамлекетке керектүү имараттарды кургум келет. Кыргызстанда азыр көптөгөн курулуштар бар. Бирок мен алардан да жакшы, өзгөчө кылып кургум келет. Максатыма жетүү үчүн азыртадан ошол кесипке тиешелүү сабактарды жакшы окуп жатам», - деди ал.

Кыялбек убактысын туура пайдаланарын айтат.

«Көбүнчө жаратылышты тартканды жакшы көрөм. Ал эми азыр портрет тартууну өздөштүрүп жатам. Үйдөн ата-энеме жардам берем. Бош убакта көбүнчө сүрөт тартып, китеп окуйм. Стол үстүндөгү теннис ойнойм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×