Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуАт-Башы району 25.12.2018 13:42 На русском

«Мекендештер»: Германияда иштеген Э.Нуралиева практикада төлөнгөн акчасына ата-энесин Түркиядан эс алдырды

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Элнура Нуралиева. Ал 1992-жылы Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында жарык дүйнөгө келген. Элнура учурда Германиядагы компанияда иштеп жатат.

Элнура балачагынан эле жакшы окуп, 2008-жылы Ак-Муз айылындагы орто мектепти артыкчылык күбөлүк менен аяктаган. Ал экономика багытында билим алууну көздөп, Бишкек шаарындагы каржы-экономикалык техникумда билим алган.

Алгачкы ийгиликтер

- Студент кезде чет жерден билим алуу тилегим бар болчу. Тайпалаш курбу кыздарым менен чет тил курстарына барып, англис тилин окуй баштадык. Курбу кыздар сабак окууга келгенде бири-бирибизге атаандашып окучу элек. Аракетимдин жемишин көрүп, 2011-жылы ал техникумду артыкчылык диплом менен аяктадым. Ошол эле жылы Эл аралык укук, каржы жана бизнес академиясында студент боло алдым. Чет мамлекеттен билим алуу максатыма жетүү үчүн ар кандай программаларды карап изилдедим. Акырында Германияга кетүү оңтойлуу болгондуктан дал ушул мамлекетти тандап алып, 20 жашымда чет жерге биринчи жолу чыктым. Албетте абдан кооптондум, корктум, бир эсе сүйүндүм. Бирок ал коркунуч мен Германияга келгенде жоголуп, өзүмө ишеним пайда болду. Анткени мен 20 жашымда дүйнөнүн бир эшигин ачып, билим алууга башка мамлекетке келе алдым. 1 жыл ыктыярчы болуп иштеп, тил үйрөнгөм.

Менин алдымда дагы бир чоң план бар болчу. Ал — немистер менен тең тайлаша окуу. Ошентип, Кыргызстандагы документтеримди алып келип, аккредациядан өткөрүп, 2015-жылы Ганновер шаарындагы мамлекеттик университетке студент болуп кабыл алындым. Учурда Ганновер мамлекеттик университетинин кампусундагы жатаканада жашайм. Бул университетте профессорлор дүйнөлүк Google компанияларында иштеп келишкен, тажрыйбасы мол адамдар. Бул жакта жаттоо деген түшүнүк жок. Угуу жана түшүнүү. Эгер сен түшүнбөй калсаң, профессор сага кайрадан түшүндүрүп берет. Ал эми үйгө барганда кээ бир учурда унутуп калсаң, онлайн режимде кайталап түшүндүрө алат. Эч качан студентке кайдыгер мамиле жасабайт. Мына ушундай мамилени көрүп, билим берүү сапаты жогорку деңгээлде экенине ынанасың. Немис тайпалаштар менен сабак окуу кызыктуу. Эч ким сенин ой-пикириңди туура эмес деп айтпайт. Немис калкы билим алууну эч качан кеч болуп калды дешпейт. Менин тайпалаштарым 30 жаштан жогоркулар. Алар мектепти бүтөрү менен университетке тапшырбай, өзүлөрүнүн багытын издеп, жер кыдырып же башка иштер менен алек болушат экен.

2017-жылы практикалык иш болду. Мага сабак берген профессордун чакыруусунда ал иштеген компанияда практикалык ишимди өттүм. Кийин алардын сунушу менен аталган компанияда эмгек жолумду баштадым. Германия мамлекети практикага барган студенттерге акча төлөп беришет экен. Ошол акчамды топтоп, жай айында ата-энемди Түркияга алып барып эс алдырып келдим. Мындан сырткары чет мамлекеттен келген студенттер бир жумада 20 саат иштей алышат. Бул акча мага кенен жетет.

Немис элинин адаты

- Немис калкы чындыкты жана тактыкты жактырып, мыйзамды сыйлашат. Мен Германияга келгенде убакыттан кечигип жаттым. Жолугушуу убактыларын мүнөтүнөн бери айтып, кечикпей келишет. Биздей болуп «эртең менен» же «түштө» жолугабыз деп айтышпайт. Дагы бир нерсе сен жумуштан бир иш кыла албай жатсаң, эч качан «мен кылам» деп айтпай чындык айтсаң, анда алар сага жардам беришет. Бир окуяны айтып берейин. Бир жолу күүгүмдө шайтан араба менен келе жатсам, полиция кызматкери токтотту да менин аты-жөнүмдү, каяктан келе жатканымды сурады. Мен болсо түшүнбөй токтоткон себебин сурасам, алар шайтан арабанын жарыгын жандырбаганымды айтып, айып кагаз жазып беришкен. Ал өлкөдө мыйзам баарына бирдей иштейт, жоголгон буюмуң кайра табылат. Дагы бир жолу мен Германиянын башка шаарында жүргөндө капчыгымды жоготуп алдым. Ичинде виза, кредит карталарым бар эле. Бардык жоголгон документтеримди кайра калыбына келтирип алгам. Кийин мага кат келип, өзүм жашаган шаардын бюросунан капчыгымды алып келдим. Ичинде мага тийиштүү болгон буюмдар толугу менен бар экен. Эгер мен көп убакыт капчыгымды Кыргызстандан жоготуп алсам, кайра ошол бойдон кайрылып келет беле айта албайм.

Кыргызстанга кусалык

- Чет жерде жүргөндө мекеним Кыргызстанды абдан сагынам. Эгер интернет байланыш болбосо мен ушунча убакыт жүрө алат белем, билбейм. Интернет аркылуу сагынычымды таратып алам. Бул жактагы мекендештерибиз менен жолугуп, сагынычыбызды таратабыз. Жыл сайын каникулда Кыргызстанга барып турам.

Жыл өткөн сайын убакыттын тез өтүп жатканына кейип кетем. Көп нерсени көрүүгө, билүүгө шашылам. Көп окусаң көптү билесиң демекчи, социалдык тармактарга чектөө коюп, убактым болсо эле китеп окууга киришем.

Билим алуунун аркасы менен Европанын көптөгөн шаарларын көрүп чыктым. Мен көргөн шаарларды, мен баскан издерди атам менен апама көрсөтсөм деген чоң тилегим бар. Буюрса бул тилектерди дагы орундатам. Окуумду аяктап, өзүмө IT жаатында тажрыйба топтоп алып, Кыргызстанга барам.

Кыргыз жаштары өмүр бою башка бир мамлекет үчүн иштеп, күчүн жумшат жатканын көрүп ичим ачышат. Чет мамлекетте билим алып, иштеп жаткан жаштар кайсы бир убакта Кыргызстанга барып, өлкөнүн өнүгүүсүнө салымыбызды кошобуз деп ишенем. Бирок деген маселе бар. Кыргыз бийлиги чет мамлекеттен билим алып келген жаштарга колдоо көрсөтө алабы?

Океандын ары жагында канчалаган чакырым алыста жашаган менин бир боорлорум, келечектен көптү үмүттөндүргөн жаштар, окуучулар алдыңарга максат коюп, ошол максатыңарга жетүүгө аракет кылгыла. Силер максатыңарга жетүү менен тоодой кыйынчылыктарды жеңе аласыңар. Билим алууга шашылгыла. Жаштыгыңарды пайдалуу колдонуп, чет мамлекеттен билим алууга аракет кылгыла. Баары силердин колдо. Биз биргеликте Кыргызстанды бардык тараптан өнүктүрө алабыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×