Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуАт-Башы району 25.12.2018 16:40

Ат-Башыда жыл мыктылары сыйланышты (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы 2018-жылдын жыйынтыгын чыгарып, район боюнча эң мыкты делген 41 инсанга сыйлык тапшырды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, иш-чарада 6 адамга да райондун «Ардактуу атуулу» наамы, республикалык, облустук иш-чараларда сыйлык алган инсандардын грамоталары, ыраазычылык каттары эл алдында берилди. Жыл мыктыларына концерттик программа тартууланып, андан соң чай ичишти.

1. Жылдын мыкты мекеме жетекчиси, №957 жол тейлөө ишканасынын начальниги Абылов Кубанычбек Өскөнович;

2. Жылдын мыкты мамлекеттик кызматкери, Ат-Башы райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Султангазы уулу Тилек;

3. Жылдын мыкты муниципалдык кызматкери, Ак-Муз айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Өмүралиев Алмазбек Сатындиевич;

4. Жылдын мыкты мектеп директору, Т.Адыраңов атындагы орто мектебинин директору Осмонова Бурул Кудашовна;

5. Жылдын мыкты коомдук уюмунун жетекчиси, Ат-Башы райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Касымов Абылкадыр Касымович;

6. Жылдын мыкты ишкери, Терек-Суу айылынын тургуну Айтыметов Байболот;

7. Жылдын мыкты айыл башчысы, Биринчи Май айылынын башчысы Акунбаев Азамат Мусаевич;

8. Жылдын мыкты архитектору, Ат-Башы райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жеке турак жай боюнча инженери Мааметов Боталы Токтаналиевич;

9. Жылдын мыкты милиция кызматкери, Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, майор Ашырбаев Талантбек Айбекович;

10. Жылдын мыкты дарыгери, Ат-Башыдагы кара тумоого каршы бөлүмүнүн эпидемиологу Каипова Нүргүл Дүйшөбаевна;

11. Жылдын мыкты айылдык депутаты, Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты Акбаева Жыргал Асанакуновна;

12. Жылдын мыкты финансисти, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ат-Башы башкармалыгынын башкы адиси Мелисов Адилет;

13. Жылдын мыкты балдар бакчасынын директору, Ача-Кайыңды айылындагы «Ача-Кайыңды» балдар бакчасынын директору Оморова Сайрабүбү Ибраевна;

14. Жылдын мыкты чыгармачыл тобу, Боогачы атындагы орто мектебинин «Кереге» адабий ийрими;

15. Жылдын мыкты байланыш кызматкери, «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Ат-Башы райондук филиалынын Ача-Кайыңды байланыш бөлүмүнүн башчысы Жумалы кызы Таалайгүл;

16. Жылдын мыкты жол кызматкери, №20 жол тейлөө ишканасынын жол жумушчуларынын бригадири Кенжебаев Жаңыбай Абдраманович;

17. Жылдын мыкты салык кызматкери, Талды-Суу айыл өкмөтүнүн салык инспектору Турдиева Күлбайра Осмоновна;

18. Жылдын мыкты медицина кызматкери, Ат-Башы аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн улуу акушери Турсунова Рита Табылдиевна;

19. Жылдын мыкты суу чарба кызматкери, Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгынын Чыгыш суу бөлүмүнүн 1-категориядагы инженери Касымов Жолдошбек;

20. Жылдын мыкты фермери, Кара-Булуң айылынын тургуну Тентиев Адыл;

21. Жылдын мыкты мугалими, А.Искендеров атындагы орто мектебинин физика сабагынын мугалими Алтыбаева Дүйшөгүл Исаковна;

22. Жылдын мыкты тарбиячысы, «Казыбек-Жеткинчек» балдар бакчасынын тарбиячысы Аскарбек кызы Мунара.

23. Жылдын мыкты окуучусу, Т.Адыраңов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Жусупбекова Акылай Жусупбековна.

24. Жылдын мыкты токойчусу, Ат-Башы райондук токой чарбасынын кызматкери Кален уулу Эрмек;

25. Жылдын мыкты социалдык кызматкери, Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Тентимишова Айзат;

26. Жылдын мыкты өзгөчө кырдаалдар кызматкери, Ат-Башы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №45 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн өрт өчүрүүчү-куткаруучусу Исмаилов Бекмырза Төлөмүшович;

27. Жылдын мыкты каттоо кызматкери, Ат-Башы райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Айтбаева Миргүл Туратбековна;

28. Жылдын мыкты маданият кызматкери, райондук Б.Кыдыкова атындагы китепкананын библиографы Биримкулова Бүбүайша Акматовна;

29. Жылдын мыкты энергетиги, Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасынын Кара-Булуң барчасынын монтеру Ыбышов Алманбет Курманбекович;

30. Жылдын мыкты таза суу кызматкери, Талды-Суу айыл өкмөтүнүн Биринчи Май айылындагы «Бугу-Ашуу» ИСКАКБсынын эсепчиси Майбилеков Нарынбек Сайырович;

31. Жылдын мыкты жайыт кызматкери, Ак-Жар айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Мокелең уулу Солтонбек;

32. Жылдын мыкты механизатору- Ат-Башы айылынын тургуну Мамбетакунов Урматбек Сүйүналиевич.

33. Жылдын мыкты спортчусу, Ушу-Саньда боюнча спорт чебери Сулайманкул уулу Туратбек;

34. Жылдын мыкты кесиптик уюмдун төрайымы, Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин кесиптик уюмунун төрайымы Жумалиева Айнура Сталбековна;

35. 2018-жылдын мыкты жаштар уюму, Ат-Башы райондук «Биздин келечек» жаштар уюму;

36. Жылдын мыкты кол өнөрчүсү, Кара-Суу айылынын тургуну Нуркасымов Алтынбек;

37. Жылдын мыкты уюштуруучусу, «Сары-Тал» балдар лагеринин жетекчиси Касымбеков Сулайман Абдрахманович;

38. Жылдын мыкты ветеринары, Ат-Башы райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башкы инспектору Турганбаев Ырысалы Абыталыпович;

39. Жылдын мыкты өкмөттүк эмес уюму, «Ат-Башы-Транс» коомдук уюму;

40. Жылдын мыкты банк кызматкери, РСК Банктын Ат-Башы райондук филиалынын Анапия уулу Жыргалбек;

41. Жылдын мыкты улуттук оюнчусу, Ак-Моюн айылынын тургуну Жакыпов Майрамбек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×