Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуАт-Башы району 26.12.2018 09:29 На русском

Ат-Башы райондук китепканасы жаңы китептер менен толукталды (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы райондук Б.Кыдыкова атындагы китепканасынын текчеси жаңы китептер менен толукталды. Бул тууралуу аталган китепканадан аймактык кабарчыга билдиришти.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программанын алкагында адабиятчы, сынчы, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, мамлекеттик сыйлыктын эки жолку лауреаты Абдылдажан Акматалиев китепканага келди. Ал 2016-жылы чыккан «Эл адабияты» сериясы, «Окурмандын китеп текчесинде» сериясы, «Айтматов энциклопедиясы» 1-2-3-томдору, Ч.Айтматовдун чыгармаларынын он томдук жыйнагын, «Айкөлдүгү бабам Манас өңдөнүп», «Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча изилдөөлөр», Манас энциклопедиясы, «Ч.Айтматов фотоальбом» китептерин белекке берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×