Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Нарын облусуАт-Башы району 27.12.2018 22:45

Актай барактан дилбаянын окуган окуучу: Мугалим Ж.Байгазиева окуучусунун кылыгын айтып берди (сүрөт)

Turmush -  Эл агартуунун мыктысы Жумакан Байгазиева 28 жылдан бери балдарга билим берип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жумакан Байгазиева 1969-жылы Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында туулган. Мектепти бүткөн соң, 1986-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетине тапшырып, аны 1991-жылы аяктаган. Окуусун бүтүп келгенде ушул эле айылдагы жигитке турмушка чыккан. 28 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келе жаткан Жумакан Байгазиева жакшы мугалим эң башкысы балдар менен тез тил табыша билүүсү керектигин баса белгилейт. Ал учурда балдарды «Манас таануу» сынагына даярдап жатат.

«Биринчи эмгек жолумду Ат-Башы районундагы Дыйкан айылында баштадым. 1993-жылдан бери Кара-Суу айылында иштеп жатам. Балдарды тарбиялоо жана окутуу оңой нерсе эмес. Эң түйшүктүү кесип. Ар мүнөздүү, тагдыры татаал балдар келет. Алардын бардыгын түшүнүү керек. Балдар менен иштешүү жагат. Мисалы, сырттагы көр-тириликти унутуп, балдарга аралашып кетесиң. Балдардын жан дүйнөсү таза, эмнегедир алар менен жуурулушуп кетүү оңой», - деди ал.

Жумакан Байгазиева: «Жакшы мугалим эң башкысы балдар менен тез тил табыша билүүсү керек. Мен дайыма балдардын өздөрүнүн тилине салып сүйлөшөм. Быйылкы классым менен 4 класс бүтүрөм. Жыл сайын бүтүрүүчү класстарды олимпиадага даярдайбыз. Бир чети окуучу дагы өз билим күчүн сынайт. 1995-жылкы Адина Жусуп кызы деген окуучум бар эле. Азыр окууну бүтүп, англис тилинен сабак берет. Ошол окуучум олимпиададан алдыңкы орундарды алып жүрдү. Андан кийин университетке барып, окуп калган убакта мугалим, коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев Манас боюнча дилбаян жаздырыптыр. Ошондо анын дилбаяны эң мыкты деп табылыптыр. Мугалими Адинаны айылдан келсе дагы көп окуучунун арасынан жогорку деңгээлде Манасты билип жазганына таң калып, мактаган экен. Мындан башка дагы сыймыктанчу окуучуларым көп. Азыркы Манас таанууга барган окуучуларым менен сыймыктанам. Алар жан дили менен окуп, менин эмгегимди сыйлап, жоопкерчилик менен мамиле кылышат», - деди.

Мугалим 2016-жылдан бери Манас таануу боюнча балдарга билим берип келет.

«2016-жылы эң биринчи жолу Манас таануу боюнча сынакка 8-класстын окуучулары менен катышып, райондук, облустук турдан биринчи орунду алып, республикалык турдан 4-орунга илиндик. 2017-жылы дагы республикалык турга барып, анда 5-орунду алдык. Манас таанууга балдарды даярдоонун өзү түйшүк. Ар бир бала менен иштешүү кажет. Аларды тандоодо, куйма кулак, бир нерсени тез кабыл алган, тез жооп берип кете алган, китепти окуп түшүнүп, жоопкерчилик менен мамиле кылган балдарды алам. Ар бир окуяны бөлүп берем. Майда-чүйдө окуясынан бери суроо кылып түзүп чыгып, анын үстүнөн кайра иштейбиз», - деди ал.

Мугалим кызыктуу окуяларды айтып берди.

«Балдардан көп нерсени күтсө болот. Бир жолу үй тапшырма текшерип жатам. Бир окуучуну чыгардым. Ал чыкканда эле ичимден анын үй тапшырмасы жок, даяр эместигин билдим. Тапшырма "Менин жайкы каникулум" деген темада дилбаян жазып келүү болчу. Ал бала тим эле дептерге жазып келгендей окуп жатты. Окуп бүттү дагы дептерин жаап туруп калды. "Жакшы болуптур, дептериңди бери алып келчи" десем эле ал окуучу туруп калды. "Сен жазбай эле келгенсиң, жанагынын баарын кайдан окудуң" десем, “ооба чын эле жазган эмесмин. Мен өзүмдүн оюмдан чыгарып айтып бердим" деди. Окуучулардын баары күлүп калышты», - деди ал.

Мугалимдин 1 кызы, 1 уулу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×