Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-апрель
Нарын облусуАт-Башы району 27.12.2018 14:22

Ат-Башынын «Бүчүр» бий ансамбли Анталиядагы фестивалга катышып, Францияга жолдомо алды (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы айылындагы Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинде уюшулган «Бүчүр» бий ансамбли Анталияда өткөн эл аралык фестивалга катышып келишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган бий тобунун жетекчиси Аида Айтмамбетова билдирди.

Маалым болгондой, «Бүчүр» бий ансамбли 2004-жылы уюшулуп, ошондон бери жакшы жетишкендиктерге ээ болуп келишет. Башында топто 4 гана бала болсо, учурда жалпы 36 бала бийлейт. Үстүбүздөгү эле жылы Ысык-Көл облусунда өткөн эл аралык фестивалда 2-орунду камсыз кылышкан. Ал үчүн окуучулар 3 күнгө Ысык-Көлгө бекер эс алууга, Анталиядагы эл аралык фестивалга жолдомо алышкан. Ошонун негизинде бийчилер ал фестивалга Кыргызстандын атынан катышып, эс алып дагы келишти. Эми 2019-жылы Францияга барып, кыргыздын улуттук бийин тартуулап келишет.

«Биздин топ 2004-жылы уюшулду. Башында 4 гана бала болсо, азыр топто жалпы 36 бала бар. 5 жыл окушат. Ийгиликтүү окуп бүткөң соң күбөлүк алып чыгышат. Биздин бийчи балдарыбыз жаш курагына жараша кенже, орто, жогорку деп 3 топко бөлүнөт. 5 жаштан баштап балдарды кабыл алам. Жаш өзгөчөлүгүнө жараша бийлетебиз. Балдардын ийилчектигине, музыканы айырмалай, талдай билгенине карап алабыз. Ошондо бала бийчи болуп чыгат. Бизде бийди үйрөнүү оор эле, ийилүү, мостике туруу оор, балдардын баары ошолорду жасайт. Улуттук бийлердин көбүн, өзбек, орус бийлери бийленип жүрөт. 50гө жакын бийдин түрүн бийлешет», - деди ал.

Аида Айтмамбетова 14 жылдык тарыхы бар бий топтун 2018-жылы багындырган ийгиликтерин айтып берди.

«2018-жылы райондук, облустук "Жаш таланттар" сынагынан 1-орунду, республикадан 2-орунду алдык. Ысык-Көлгө эл аралык фестивалга катышып, 2-орунду утуп алдык. Ал үчүн окуучулар 3 күн Ысык-Көлгө бекер эс алышты. Ошондой эле Анталияга жолдомо алып, эс алып, бийлеп келишти. Ал жакка 15 улуттан келишти, фестивалдан ар ким өзүлөрүнүн бийлерин тартуулашты. Биз дагы өзүбүздүн “Маш ботой” бийибиз менен барганбыз. Фестивалдан кызыктыруучу сыйлыктарды алдык, жетишкендиктерибиз жакшы. Эл аралык фестивалга дагы катышалы деген оюбуз бар. Быйыл дагы Францияга жолдомо алганбыз, буюрса жай айы менен барабыз деп турабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×