Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-апрель
Нарын облусуАт-Башы району 05.01.2019 13:13 На русском

Ат-Башы айылында муз аянтча ачылды (фото)

Turmush -  Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы «Кошой» стадионунда муз аянтча ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучу Шапат Абдыков билдирди.

Маалым болгондой, 5 жылдан бери иштеп келе жаткан муз аянтчанын аянты 20 сотых жерди түзүп, эс алууга келген адамдардын саны бир күндө 300 кишини түзөт. Муз аянтчага музыка, прожектор коюлуп, 30 даана коньки алып келинген. 15-январдан баштап муз үстүндө эстафета өткөрүлүп, мыктылары облустук деңгээлдеги сынактарга катыша алышат. Күн алыс муз үстүн жаңыртып турушат. Айрым учурларда бир гана район тургундары гана эмес, Бишкектен жана башка жактардан дагы коньки тепкенди жакшы билгендер келип, билбегенлерге үйрөнүп кетишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×