Бөлүмдөр
Ишемби, 20-апрель
Нарын облусуАт-Башы району 12.01.2019 11:34

Жаңы мыйзамдар тууралуу ат-башылыктар эмне дейт? (сүрөт)

Turmush -  2019-жылдан баштап күчүнө кирген мыйзамдар боюнча Ат-Башыда жашаган элдин пикирин аймактык кабарчы угуп көрдү.

Ат-Башы районундагы айрым жашоочулар айып пулдардын көбөйүшүнө нааразы. Ал эми тазалык боюнча мыйзамды колдогондор четтен чыкты. Өзгөчө пенсионерлер алган акчасы 5500 сомго жетпегенин айтышып, кокус коомдук жайларда түкүрүп алып милициялар кармаса айып пул төлөй албай турганын айтышты.

Баш-Кайыңды айылынын тургуну Сайрабүбү Имирова: «Тазалык деген баарыбызга керек. Мен деле аялдамада түкүргөндөрдү көргөндө жиним кайнайт. Жолдо жаткан таштандыларды урнага алып барып таштап коём. Элдин коопсуздугу деп жатат, ал деле туура деп ойлойм. Ар бир айдоочу эреже сакташы керек. Сактаныш керек. Менин балам да таксист болуп иштейт. Ага абайлап жүр деп айтам», - деди.

Имирова Сайрабүбү , Баш-Кайыңды айылынын тургуну

Ат-Башы айылынын тургуну Иличбек Тилекматов: «Айып пулдун суммасы көп, ошону азыраак эле кылса жакшы болмок. Мыйзамга туура эле, бирок акчасы көп. Бир түкүрүк эле 5500 сом. Антейин десең, милициялар деле түкүрүп жатышат. Мен өзүм деле айдоочумун. Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу айдоочунун колунда болгондуктан, ичип алып унаа айдаганы туура эмес болуп калат. Ал эми кур тагынбаганы үчүн салынган айып өтө эле көп. Ошону кайра карап чыгышса жакшы болот эле», - деди.

Иличбек Тилекматов,  Ат-Башы айылынын тургуну

Ат-Башы айылынын тургуну Үмүт Кермакунова: «Кур курчанбагандыгы, ичкендиги, түкүргөндүгү үчүн айып салуу туура. Ал эми айып пулду азыраак кылса болмок. Кокустуктан таксилер бир нерсе болсо, үйүнө эмне алып барат, тапканы аз болсо. Чындыгында тазалык керек, айрыкча шаарда. Илгеркидей шаар жок. Мурда барганда кызыгып, суктануу менен карачу элек. Азыр кыштактагыдай эле болуп калды», - деп кошумчалады.

  Үмүт Кермакунова , Ат-Башы айылынын тургуну

Ак-Моюн айылынын тургуну Сагын Табылдиеванын пикири: «Тазалык деген биринчи орунда болушу керек. Таза болсоң ден соолугуң да, баары таза. Бирок бул мыйзамдар аша чапкандык болуп жатат. Ушул эле 5500 сомду төлөсө, Кытайдын карызын жабабы? Мунусуна мен каршымын. Туура баа коюшсун. Мисалы, 500 сом салса деле оңой эмес да, пенсионерлердин айрымдары 4000 сом эле алат. Анан кайсыны төгөт? Каршыбыз! Баарыбыз каршыбыз! Кары-картаңдар, бала-чаканы унутуп калышат».

Сагын Табылдиева ,  Ак-Моюн айылынын тургуну

Ат-Башы айылынын тургуну Мукан Төлөгөновдун пикири: «Макул, тамеки чегүүнү карашсын. Ал эми түкүрүк дегени туура эмес. Элдин баары эле түкүрөт, мыйзамды карабайт да. Айып пулдар деле жогору го дейм. Ал деле өкмөткө барбайт, милициялардын чөнтөгүнө түшөт. Мисалы, мен барып түкүрүп ийсем, милиция кармап, айып төлөгөн үчүн квитанция кыркып береби?».

Мукан Төлөгөнов , Ат-Башы айылынын тургуну

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×