Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 04.07.2019 12:24 На русском

Ат-Башыда кымыз фестивалы өткөрүлдү. Сүрөт

Turmush -  Ат-Башы районунда кымыз фестивалы өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, 2-июль күнү Ат-Башы районунун Сары-Тал жайлоосунда кымыз фестивалы райондук деңгээлде өткөрүлдү. Фестивалга бардык айыл өкмөттөр өздөрүнүн мыкты деген кымыздарын алып келишти. Анда 4 номинация менен жеңүүчүлөр аныкталды.

- Бал кымызды мыкты жасаганы үчүн Ак-Жар айылы;
- Саамал кымызды мыкты жасаганы үчүн Ак-Моюн айылы;
- Нак кымызды мыкты жасаганы үчүн Талды-Суу айылы,
- Күл кымызды мыкты жасаганы үчүн Ат-Башы айыл өкмөтү жеңүүчү деп табылды.

Ошондой эле улуттук тамак-аш боюнча кароо-сынагы уюштурулуп, анда 1-орунду Баш-Кайыңды айыл өкмөтү, 2-орунду Кара-Суу айыл өкмөтү, 3-орунду Ача-Кайыңды айыл өкмөтү алды. Катышуучуларга ардак грамоталар тапшырылып, активдүү кызмат кылган 10 адамга баалуу белектер берилди.

Иш-чара аркан тартыш, чака чапмай оюндары жана музыкалык номурлар менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×