Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 09.07.2019 09:34

Ат-Башыда Турдакун Усубалиев эскерилди

Turmush -  Ат-Башы районунда Турдакун Усубалиевди эскерүү иш-чарасы өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ага Нарын облустук мамадминистрациянын өкүлдөрү, Ат-Башы районунун жетекчилиги жана мекеме-ишканалардын кызматкерлери, залкар адамдын замандаштары катышты. Иш-чарада залкар адамдын басып өткөн жолу жөнүндө айтылып, кыргыз элинин өнүгүшүнө кошкон зор эмгектери боюнча маалымат берилип, докладдар окулду.

Ат-Башы районунун акиминин орун басары Ажар Дүйшөналиеванын айтымында, мындай эскерүү иш-чарасы райондогу бардык айылдарда өткөрүлмөкчү.

Усубалиев Турдакун Усубалиевич 1919-жылдын 6-ноябрында Кочкор районундагы Теңдик айылында туулган. 1938-1941-жылдары Кочкор кыштагында мугалим, директордун окуу иштери боюнча орун басары болгон.

1941-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун, 1945-жылы ВКП(б) БКнын алдындагы жогорку партиялык мектебин яктаган. 1965-жылы Москвадагы В.И.Ленин атындагы педагогикалык институтун бүтүргөн.

1977-жылы тарых илимдеринин кандидаты болгон. 2009-жылы Кыргызстан улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги. 2013-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин ардактуу профессору, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доктору наамдарына ээ болгон.

Эмгек жолу:

- 1941-жылы партиянын Кочкор райкомунда бөлүм башчынын орун басары;
- 1941-1945-жылдары Кыргызстан КП БКнын (1941–45) инструктору;
- 1945-1955-жылдары КПСС БКнын инструктору кызматтарын аркалаган;
- 1955-1956-жылдары республикалык «Советтик Кыргызстан» гезитинин редактору;
- 1956-1958-жылдары Кыргызстан КП БКнын бөлүм башчысы;
- 1958-1961-жылдары Кыргызстан КП Фрунзе шааркомунун 1-секретары;
- 1961-1985-жыдары Кыргызстан КП БКнын 1-секретары болуп иштеген;

1985-жылдан баштап ардактуу эс алууга чыккан. 1961-жылдан тартып КПССтин мүчөсү. 1985-жылы партиялык дооматтар менен партиядан чыгарылган. Бирок КПСС БК бул чечимге макул болгон эмес. 1988-жылы кайра Т.Усубалиевдин арызы каралып, коюлган дооматтардан акталып, партиядагы мүчөлүгү жана жеңилдиктер толугу менен калыбына келтирилген.

СССРдин Жогорку Кеңешинин 6-11-чакырылыштарынын депутаты болгон. 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1-2-чакырылыштарында эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, депутаттардын ыйгарым укуктары, этика, жалпы маалымат каражаттары жана коомдук бирикмелер менен байланышуу комитетинин төрагасы болгон.

2008-жылы «Бирдиктүү Кыргызстан» партиясынын түптөөчүлөрдүн бири.

1999-жылы «Ак шумкар» өзгөчө белгиси менен сыйланган. 3 Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь революциясы, Достук (РФ), 1-даражадагы «Манас» ордендери менен сыйланган.

Турдакун Усубалиев кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына, өнөр жай, маданий жактан өнүгүшүнө, парламенттик системанын түптөлүшүнө, ошондой эле Кыргызстанды жана анын борбор шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө зор эмгек сиңирген.

2019-жылдын 2-февралында Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөө боюнча прзиденттин жарлыгы чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×