Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 10.07.2019 11:20

Ат-Башыдагы эски буюмдарды сурап пайдаланган бала бакча жаңы эмеректүү болду

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылынын тургуну Ат-Башы районундагы 8 бала бакчага жана балдарды өнүктүрүү мектебине эмерек алуу үчүн Япониянын Кыргызстандагы элчилигине долбоор жазган. Анын долбоору колдоого алынып, бала бакчаларга четинен эмерек бериле баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Долбоорду жазган айыл тургуну Дүйшөнбек Абдразаковдун айтымында, Казыбек айылындагы бала бакчага электр жабдуулары жетишсиз, ошондой эле эмеректери жараксыз абалга келген.

«2013-жылдан бери «Казыбек-Жеткинчек» бала бакчасында жамааттык деңгээлде иш алып барылууда. Анда 120дан ашык бала тарбияланып, 27 кызматкер эмгектенет. Бала бакчабыз эски имаратта жайгашкан. Жыл өткөн сайын эскилиги жетип, жараксыз абалга кептелүүдө. Ага карабай айыл өкмөт тарабынан акча бөлүнүп, оңдоп-түзөөдөн өткөрүп турабыз.

Бала бакча уюшулгандан бери бир топ долбоорлор менен иш алып барабыз. 2016-жылдан бери Япониянын Кыргызстандагы элчилиги менен байланышта болуп, долбоор жазуу боюнча кеңештерди алып келем. 2018-жылы өзүбүздүн эле «Казыбек-Жеткинчек» бала бакчасына сапаттуу эмеректерди, электр жабдыктарын алып берсек деген ой менен долбоор жазууга туура келди. Ат-Башы райондук балдарга билим берүү борборунун жетекчиси менен кеңештим. Аны менен биргеликте биздин эле эмес райондогу эмеректерге муктаж болгон 8 бала бакча жана балдарга билим берүү борбору үчүн 6 миллион сомдук же 84 миң 900 долларлык долбоор жаздык.

Биздин долбоор жактырылып, ага тендер жарыяланган болчу. Быйылкы жылдын апрель айынан бүгүнкү күнгө чейин тендерден уткан фирмалар эмеректерди 9 мекемеге четинен коюп, орнотуп берип жатышат. «Казыбек-Жеткинчек» бала бакчасына Япониянын Кыргызстандагы элчилиги 1 миллион сом, айыл өкмөтү 100 миң сом бөлүп, электр жабдуулар жана эмеректер келди. Мисалы, 6 көздүү кафорка, электр плитасы, 2 идиштин суусун сарыктыруучу текче, шкаф, эт туурагыч, электр самоору, 15 килограммдык кир жуучу автомат машинасы келди. Мунун бардыгы кымбат жана сапаттуу, Москванын фирмасынан чыккан. 120 балага кийим иле турган шкафтар, эки тайпага парта столдору менен, бир тайпага столдор, ошондой эле 60 балага жумшак отургучтар келди», - дейт ал.

Буга чейин аталган бала бакча айылдагы мектептин эски парталарын, отургучтарын сурап, аларды оңдоп-түзөөдөн өткөрүп пайдаланып келишкен.

«Буга чейин эмеректер эски болчу. Жаңы ачылганда мектептеги эски парта, столдорду сурап алып, алардын сыныктарын кайрадан оңдоп пайдаланып келгенбиз. Андан кийин Азия өнүктүрүү банкынын кенже курактагы балдарды өнүктүрүү долбоору аркылуу эки тайпага парта, отургучтарды алганбыз. Кийин айыл өкмөтү, ата-энелер мүмкүнчүлүгүнө карап арзан эмеректерди жасатып беришкен. Аларга 7-8 жыл болуп, четинен сынып, жараксыз абалга келип калган эле», - дейт Д.Абдразаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×