Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 12.07.2019 09:21 Жаңыланды: 17.07.2019 22:45 На русском

Айыл турмушу: Кыш чыгаруучу заводдо кыш тизип иштеген Г.Токтобакиева

Turmush -  Гүлмира Токтобакиева Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы кыш чыгаруучу заводдо иштейт. Ал 5 кыз, 1 уулдун энеси. Неберелери дагы бар. Эмгекчил айым менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, кыш тизип иштөө менен кошумча киреше табат.

«Күнүнө жумуштун жүрүшүнө жараша иш кылабыз. Мисалы, эртең менен таң атканда турам. Ошону менен жумуш бүтүп, элдин баары уктагандан кийин мен уктайм. Идиш жууп, эртеңки ишке даярданам. Азыр тамак бышырганга дагы, кыш тизгенге дагы жетишем.

Кечки саат 17:00дө тамак даярдаганга кетем. Бул жактагы кызматкерлер кечки саат 20:00гө чейин иштешет. Мен саат 14:00дөн 17:00гө чейин кыш тизип иштеп берем. Муну менен кошумча каражат таап алам. Бул жумуш​ өзүмө кызыктуу. Кээде жаан жаайт, күн ысык болот.

Мен бул жумушка агама жардам берүү үчүн келген элем. Өзүм Кыргызстанда өскөм. Кийин Казакстанга келин болуп барып, ошол жакта үй-бүлөм менен жашадым. Буга чейин бала бакчада багбан болуп иштегем», - деди Г.Токтобакиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×