Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 13.07.2019 13:33

«Чочогуңду суук урат»: Суу кечкен чыт курсактар. Видео

Turmush -  Жайдын ысыгы иттен көлөкө талаштырат. Мындайда сууга чөмүлүү көздөн учат. Өзгөчө чыт курсак балдар суу кечип ойногонду жакшы көрүшөт. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Ат-Башы районунда күндүн ысыгында сууда ойноп, черин жазган бөбөктөрдү видеого тартып алган.

P.S.Бөбөктөрдү карап отуруп, арыктын суусуна көк муштум болуп үшүгөнчө ойногон күндөр эске түшөт. Андайда аталарыбыз же апаларыбыз «чочогуңду суук урат» деп урушуп же «курсагыңды тойгузуп ал» деп алдап жатып араң үйгө алып кирер эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×