Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 15.07.2019 21:00

Ат-Башынын «Кошой» стадионуна түнкү чырактар орнотулду

Turmush -  Ат-Башынын 1978-жылы туулган тургундары «Кошой» стадионуна түнкү чырактарды орнотушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

«Ат-Башы айылында жайгашкан “Кошой” стадионунун сол тарабында түнкү чырактар жок болчу. 7 түнкү чыракты 30 миң сомго орнотуп бердик», - деди алар.

Эми бул тургундар стадиондун дарбазасын оңдотууну максат кылып жатышат.

Ошондой эле 20-июлда аталган стадиондо футбол оюну өтөт. Ага 46 команда катыша турганы күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×