Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 21.07.2019 12:34

Видео — Ат-Башыда тоют жыйноо өнөктүгү жүрүүдө

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районунда тоют жыйноо өнөктүгү жүрүүдө, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Жергиликтүү тургун Адылбек Акматовдун айтымында, аба ырайы улам өзгөрүп, тоют жыйноо иштерине тоскоолдук жаратууда.

«Чөптүн түшүмдүүлүгү жыл сайын ар башка болот. Быйыл апрель, май жана июнь айлары жаанчыл болгону менен айрым тоют чөптөр жакшы чыккан жок. Чөп жыйнап жатканда кайра жамгыр жаап, чөптү суу кылып жатат. Күндүн ачылышын күтүп, үйгө жыйнап алабыз. Бирок жамгырда калган чөп бат эле чирип кетет», - дейт ал.

А.Акматов белгилегендей, учурда 1 боо чөптүн баасы 150 сомдон сатылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×