Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 23.07.2019 15:08 На русском

Футбол мелдешине түшкөн ат-башылыктар районго кайрымдуулук жасашты

Turmush -  20-июлда «Ат-Башы ынтымагы» аталышындагы кичи футбол мелдешинин 16-турнири өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Турнир Ат-Башы районунун 1978-жылы туулган тургундары тарабынан уюштурулду. Ага ардагер, улуу муун, орто муун, кичүү муундун өкүлдөрү, жалпы 50 команда катышкан. Мелдештин ачылыш аземинде райондогу өтүп кеткен тургундардын арбагына багышталып куран окутулду. Мелдешке сыйлуу мейман катары Красноярск аймагынын муфтийи Гаяз Фаткуллин келген.

«Ушул оюндун алгачкы уюштуруучуларына ыраазычылык билдиребиз. 1978-жылы туулган атуулдар «Кошой» стадионуна түнкүсүн жарык берүүчү жабдыктарды, дарбаза орнотуп, суу түтүктөрүн алып бердик», - деди уюштуруучулардын бири Жылдызбек Талипов.

Уюштуруучулардын дагы бири Алмаз Дүйшөналиев: «Оюндун максаты — Ат-Башынын тургундарын ынтымакка чакыруу, ден соолукту бекемдөө, спортту өнүктүрүү. Кудай буюрса бул оюн токтобойт, уланып кете берет. 1950-жылкылар, 2000-жылкылар дагы катышып ойноп жатышат. Оюндар Ат-Башы жергесинде, Бишкек шаарында өтүүдө. Бул жолу Ат-Башынын стадионун жакшыртуу максатында ушул районго уюштурдук», - деди.

Жеңүүчүлөр:

Ардагерлер: 1-орунду «1954+» командасы, 2-орунду «Ынтымак» командасы, 3-орунду 1974-жылкы атуулдар;

Улуу муун: 1-орунду «1975-А» командасы, 2-орунду «1978-А» командасы, 3-орунду 1977-жылкы атуулдар;

Орто муун: 1-орунду 1985-жылкылар, 2-орунду 1981-жылкылар, 3-орунду 1986-жылкы атуулдар;

Кичүү муун: 1-орунду 1993-жылкылар, 2-орунду 1999-жылкылар, 3-орунду 1992-жылкы атуулдар ээлешти.

Сыйлыктар:

- 1-орунга 7 миң сом, кубок, медаль;
- 2 орунга 5 миң сом, медаль, грамота;
- 3-орунга 3 миң сом, медаль, грамота.

Ошондой эле 1978-жылы туулган жигиттер Ат-Башыдагы 50 аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына мектепке керектүү окуу куралдарын алып беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×