Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 24.07.2019 16:25

Апасы айылчылап баратканда жолдон төрөлгөн Койчиевдин өзгөчө ысымы

Turmush -  61 жашта болсо дагы жаштар менен футбол ойноп, 4 жолу «Мыкты дарбазачы» аталган Айылчы Койчиев менен аймактык кабарчы таанышты.

Айылчы Койчиев 1958-жылы 1-июлда Ат-Башы районунун Ак-Моюн менен Бирлик айылдарынын ортосундагы кыштоодо төрөлгөн. Кесиби боюнча математика мугалими. Ал кесиби менен 1 жыл гана иштеп, кийин ар кайсы жумуштарда эмгектенген. Үй-бүлөлүү, 2 уул жана 1 кызы бар.

«Апам таякемдин үйүнө айылчылап бара жатканда жолдон мени төрөп коюптур. Ошондо атымды Айылчы коюшкан экен. Ак-Моюн айылында Турдукул деген таякем бар болчу. Ал киши 96 жашка чыгып каза болгон. Ысымым үчүн атама, апама дагы ыраазымын, өзүмө жагат.

1975-жылы мектепти аяктап, азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине өттүм. 1980-жылы математика-механика факультетин аяктадым. Бирлик айылына келип убактылуу мугалим болуп, математика, физика, чийүү сабактарынан окуучуларга билим берип, 1 жыл иштедим. Районодо 2 айдай иштедим. Андан кийин Ак-Жар айылында комсомолдук катчы болуп 6 ай эмгектендим. 1982-жылдан тартып Фрунзе шаарында жашап калдым. Айыл чарба министрлигинин алдындагы Республикалык маалыматтык эсептөө борборунда 3 жыл инженер-программист болуп эмгектендим. 1985-жылы курулуштарда иштеп, 1992-жылы 4 бөлмөлүү үй алдым. Союз тарагандан бери ар кайсы жерде иштеп келе жатам. Соода-сатык менен алек болдук. 20 жылдай мамлекеттик кызматта иштептирмин», - деди ал.

Айылчы Койчиев көп басып, жаш балдар менен дайыма машыгат.

«1962-1963-жылдары Ат-Башы айылында дайыма футбол оюну болчу. «Чайка» жана башка командалар бар эле. Ошол командалардын биринде менин эки агам ойночу. Аларды көрүп, үйрөнүп алдым. Алар мектепти бүтүп кеткенден кийин Ат-Башыдагы өспүрүмдөрдүн спорт мектебине жазылып, 5-класстан баштап футбол менен машыктым. Ушул жерде 6 жылдай машыктым. Ортодон 20-25 жылдай таштап койдум. Балким таштабаганда башкача болмок.

Бишкек шаарында Кыргызстандын биринчилиги болуп турат, ага катышып жүрөбүз. Акыркы жолу «Нарын—Ала-Тоо» деген команда менен барып, 4-орунду алып келдик. 2-3 жылдан бери Ат-Башынын турнирине катышып жүрөбүз. Андан 2-3-орундарды алып жатабыз. Ар кайсы турнирлерден 4 жолу «Мыкты дарбазачы» аталдым. Балдар ойногон убакта аларга кошулуп машыгам, көп басам. 5 маал намаз окуйм, эртең менен багымдатка тургандан баштап басып жүрөм», - деди ал.

Мыкты дарбазачы 3 жыл 2 ай катуу ооруган.

«Жубайым Гүлмира Жумашова дагы математик мугалим. 2 эркек жана 1 кызыбыз бар. Мен чыккынчылыкты, адамды сатып кеткендерди жаман көрөм. Чыккынчыларды эч качан кечирбейм. Кыргызда «душманды алыстан издебе, жаныңда эле жүрөт» деп айтылат эмеспи. 2010-жылы мени эң жакын адамдарым сатты. 45 жыл чогуу жүргөн адам сатканда эч кимге ишенбей калат экенсиң.

Эки агам бар болчу. Бир агамды 2 аял биригип окутуп салышкан экен. Анын кесепетинен агам каза болуп калды. Андан кийин үйүн сатып жиберишти. Ошолор менен күрөшүп жүрүп ооруп калдым. Жин-шайтан менен кармашып, 10 күн жиндиканага жатып чыктым. Калинин айылында Бакыт деген тамырчы бар. Мени ошол адам айыктырды. Жалпы 3 жыл 2 ай катуу оорудум. Милиция, ооруканадан кудай сактасын.

Атам тамырчы болчу. Анын касиетин албай коюп, үй-бүлөбүздүн баары ооруду. 2 агам, жеңем да ооруду. Мен 5 бир туугандын үчүнчүсүмүн: 3 уул, 3 кыз. Ооругандан кийин, 2007-жылдан тартып намаз окуп баштадым. Азыр оорусам тамырчынын гана дарыларын ичем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×