Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 24.07.2019 17:16

Ак-Талаада 1 түк чөптүн баасы 170 сомго чейин болууда

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда тоют камдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ал эми 1 түк чөптүн баасы 150 сомдон 170 сомго чейин сатылууда. Муну айыл тургундары кургакчылык жана сугат суунун жетишсиздиги менен байланыштырып жатышат.

«Быйыл суу жетишпей, тоют өсүмдүктөрүнүн өсүшү начар болуп калды. Ошондуктан чөп кымбат болууда», - деди тургундар.

2018-жылы 1 түк чөптүн баасы 70-80 сомду түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×