Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 26.07.2019 12:49 На русском

Жолдошунан жаш кыздай уялган Н.Шаршеева өз балдарынын атын тергеп айтат

Назгүл Шаршеева
Назгүл Шаршеева

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын бул жолку каарманы — Ат-Башы айылынын 38 жаштагы тургуну Назгүл Шаршеева.

Назгүл Шаршеева 1981-жылы 12-мартта Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында туулган. 22 жашында Ат-Башыга кыштын кыраан чилдесинде келин болуп келген. Кесиби башталгыч класстардын мугалими. 1 кыз, 3 уулдун энеси.

«Бишкек шаарында чоңойдум. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетитин педагогика факультетинде билим алып, ошол жерден жолдошум менен табышып калгам. Жолдошум Ат-Башы районунун Ак-Жар айылынан болот. Окуп жүргөндө кыштын кыраан чилдесинде баш коштук.

Турмушка чыкканда айылдагы үйдүн чоңдугу, муздактыгы таң калтырган. Бөлмөлөрдү шыпырып бүтө албай, спорт залдай эле сезилчү. Шаарда өсүп калгандыктанбы Ат-Башынын суугуна чыдай албай жүрдүм», - деди ал.

Өзүнүн айтымында, жолдошу экөөнүн ортосундагы мамиле ушул күнгө чейин кыз-жигиттердикиндей.

«Турмуш курганыбызга быйыл 15 жыл болуптур. Ушул жылдардын аралыгында биз сен-мен дешкен жокпуз. Азыркыга чейин бири-бирибизден уялып турабыз. Кыз-жигит убагыбыздагы мамиле, тартынчаактык кала элек. Мен ошол мамилени сактап калганыбызга кубанам. Ар бир адамдын кыялы болот эмеспи. Жолдошум менин жаман кыялымды байкап мамиле кылат. Аныкын мен байкап турам. Жумуштан чарчап келе жатканда дасторкон даярдап күтүп алам.

Биздин 3 эркек балабыз бар. Алардын ысымдары кайнаталарыбыздын аттарынан коюлган. Ошондуктан көп жерден балдарымдын аттарын айта албай, тергеп же эркелеткен аттар менен чакырам. Улуу баламдын ысымы кайнатамдын чоң атасынын атынан коюлган. Ыбырай ата согуштан кайтпай калган экен. Анын аты өчпөсүн деп ысымы уулума коюлган. Экинчи баламдын ысымы кайнагамдын атынан коюлуп калган. Атай деп кыйкырсам эле агам келип, «мени чакырдыңбы?» деген учурлар болгон. Үчүнчү балам Байаскар, Аскар кайнатамдын атынан коюлган. Башына «бай» деген мүчөнү кошуп койгонбуз. Жеңе, апаларыбыз «балдарыңа кайнатаңдын аттарын коюп алып, кантип айтып атасың? деп күлүп калышат», - деди ал.

Назгүл Шаршеева кайненеси менен ачылып сырдашат.

«Ортодон басмакана иши боюнча окуп, 12 жыл басмаканада иштедим. Мен бардык жумушка иштеп кете алам, шыгым бар. Азыр базарда кийим-кече сатып жатабыз. Тамактын түрүн жасайм. Бардык келиндер интернетти карап эле тамактын түрүн жасап калышпадыбы. Конок тоскон жагат.

Келин болгондо кайненеме жакын болом деп кыялданчумун. Ошол кыял орундалып, келин болгондо кайненем менен ачылып сүйлөшүп, сырдашып, тамашалашып калабыз. Ал адам баарын түшүнөт.

Балдарыбызды билимдүү болууга, ыймандуулукка, жөнөкөйлүккө, кичи пейилдикке тарбиялайбыз. «Канчалык улук болсоң, ошончолук кичик бол. Астыңдан чыккан адамга салам айт» дейбиз. Көп жерден «балдарыңардын тарбиясы жакшы» деп айтышат, биз сыймыктанып калабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×