Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 26.07.2019 21:09

«Көк сүт безеткиге миңдин бири»: Каймак жасаган Н.Касымова

Turmush -  Каймакты кантип жасайт, көк сүт кандай пайда болот? Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы бул суроого жооп издеди.

Айыл тургундары жай айларында каймак, сары май жана сүзмө топтоп алышат. Айыл жеринде сүт тартуу бир топ убакытты алат.

«Уйдун саалган сүтүн очокко от жагып ысытып, сүт тартуучу машинаны өз ырааты менен курап чыгуу зарыл. Эгер табактары туура эмес жайгашып калса, сүт чыгып, сепараторду айлантууга мүмкүн болбой калат. Ал эми тетиктери кургап калбашы үчүн майлап туруу зарыл. Сүт ысыгандан кийин сепаратордун кармагычын өз нормасында айлантуу кажет. Алгач сүттү аз өлчөмдө агызуу керек. Сүттү көп өлчөмдө агызса каймакка сүт агып кетет. Машинанын бир тарабынан каймак, экинчи табагынан көк сүт агып баштайт.

Көк сүт тарткыч аркылуу каймагынан ажыратылган сүт. Мындай сүттө 3,2% белок, 4,8% сүт канты, 0,05% май, 0,7% минералдык заттар бар. Андан кургак же коютулган сүт, уй кымыз, быштак, ацидофилин жана башка азык даярдалат. Мындан сырткары көк сүт косметологияда колдонулат. Бетти агартууда, жумшартууда, тазалоодо көк сүт менен көк сүттүн айраны жакшы жардам берет. Курамында май аз болгондуктан беттеги безеткилерди жок кылат. Көк сүттөн жасалган айрандан сүзмө алышат. Учурда сүзмөгө суроо-талап көп болууда. Ал эми топтолгон каймакты сызгырып андан сары май, чөбөгө алууга болот», - деди айыл тургуну Нуржан Касымова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×