Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 27.07.2019 10:45 На русском

Бал челекчи болуу үчүн канча каражат керек? У.Өмүракуновдун жообу

Уланбек Өмүракунов
Уланбек Өмүракунов

Turmush -  Бал челекчи болуу үчүн бир топ каражат жумшалат. Мындай пикирди ат-башылык балчы Уланбек Өмүракунов билдирди.

Ал бал челекти жакшы үйрөнүп алып иштебесе, чыгымды актабай калышы мүмкүн дейт.

«Балдын түшүмү быйыл башка жылдарга салыштырмалуу жакшы болот деп жатабыз. Азыр ар бир челектен 30-35 кг бал алынууда. Буга чейин Ысык-Көлдө турчубуз. Бул жакка жакында эле келдик. Ат-Башынын балына суроо-талап аябай жакшы. 3-4 жылдан бери эл аралык сынактарда 1-орунду алып келе жатат.

Азыр бизди колдогон киши жок, арабабызды өзүбүз сүйрөп жүрөбүз. Башында лаборатория салынат, балды чет өлкөлөргө жөнөтөбүз деп чыгышкан. Алардын бири жок. Ошол болуп калса аябай жакшы болмок.

Жаздан күзгө чейин тынбай иштейбиз. Күз келгенде арзан болуп калат. 1 кг бал 180 сом болот, аны дагы ортомчуларга өткөрөбүз. Алар чет жакка алып кетет. Түз өткөрсөк аябай эле жакшы болмок. Ат-Башынын балы 270 сомго чейин болуп берсе жакшы болот эле», - деди ал.

Уланбек Өмүракуновдон бал челектин сырын үйрөнөм дегендер көп.

«Биз жер которуп жүрөбүз. Кайсы жерде чөп, гүл жакшы болсо ошол жакка барабыз. Ал жердин гүлү соолуй баштаганда бал келбей калат. Жерди которууга туура келет. Бир жылда 9 жолу көчүүгө туура келип калат. Жаңы баштаганда үйрөнүү оор болот. Алгач эле каржы жагына такаласың. Жаңы баштаганга аябай көп акча керек. Үйрөнбөй туруп баштап алсаң, салган акча акталбай калышы мүмкүн. Жакшылап үйрөнүп иштесе болот.

Кызыгып үйрөнөбүз дегендер аябай көп. Мурда бизде 1 жерде 3 бал челекчи болсо, азыр 5-6 бал челекчи отурат. Бирок ишти жакшы билген бал челекчилер аз. Үйрөнө албай кыйналып жүргөндөр дагы бар, анткени бизде окуу жок. Окуса дагы үстүртөдөн үйрөнүшөт. Үйрөнөбүз дегендерге үйрөтүп, кеп-кеңештерибизди беребиз. Туура жолго салганга аракет кылабыз. Бекер иштеп берейин үйрөтүңүз дегендер бар. Бирок биз аларды бекер иштетпейбиз, акчасын төлөп беребиз. Жакшы колдоо көрсөтөбүз. Аары кармоону үйрөнүүдө аракет керек. Жаңы жумуш баштаганда ар бир бал челекке 20 миң сомго чейин каражат кетет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×