Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 28.07.2019 14:08 На русском

Отуруштагы «момо»: Шекерсиз майрам өткөргөн мугалимдер мектептин анекдотуна айланган

Turmush -  Бурмакан Дүйшекеева Ат-Башы районунда 34 жыл мугалим болуп эмгектенип, эл агартуунун отличниги болгон. Учурда ал ардактуу эс алууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Бурмакан Дүйшекеева 1951-жылы Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында туулган. Мектепте математика сабагынан мугалим болуп 34 жыл иштеди.

«Кара-Суу айылындагы мектепти бүтүп, 1968-жылы Фрунзе шаарындагы Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунун математика факультетин аяктадым. Эмгек жолумду өзүм окуган мектепте баштадым. Кара-Суу айылында 5 жыл иштеп, андан кийин жолдошумдун жумушуна байланыштуу райондун борборундагы №1 мектепте, андан кийин Ат-Башы айылындагы мектеп-интернатта тарбиячы жана математика мугалими болуп эмгектендим. Математика татаал, так илим, болжолдоп чыгарып коюуга болбойт. Балдарды тактыкка, чынчылдыкка, бир ишти аягына чейин бүтүрүүгө үйрөтөт. Илим ошолору талап кылат», - деди ал.

Мектепте эмгектенип жүргөндө ага бир катар окуучусу ыр арнап жазышкан. Бүгүнкү күнгө чейин ал ырларды сактап келет.

«Мектепте майрамдарда мугалимдер арасында чай ичип калабыз. Ошондой күндөрдүн биринде мугалимдер чай ичип отуруп калдык. Жетекчилерибиз дагы отурушкан. Анда биз жаш, чай даярдап жатканбыз. Шекерди унутуп, албай калыптырбыз. Союз ыдыраган мезгил, жакын жерде дүкөн жок. Дүкөн болсо дагы шекер жок мезгил эле. Мухаммед деген тарыхчы мугалим чайын жөн эле аралаштырып калды. Ошол маалда чөнтөгүнөн блокнот менен калемсап алып чыгып, 2 сап ыр жазып коюптур. Эсимде даана деле калбаптыр . “Шекери жок чайыңар, тузу жок болсо наныңар” деген сыяктуу жазыптыр. Ошол жерден бизге ырын окуп берди. Жаман абалда калдык. Мугалимдер “агайга уят болдук” дешти. Мен ошол жерден “Мухаммед агай, шекер жок болсо момо бар. Дасторкон үстү толо бар...” десем эле күлүп калышты. Андан кийин “момо” дешип момпосуйлардын сыртын аарчып эле жеп калышты. Азыркы күнгө чейин ушул унутулбай, анекдот катары айтылып келет», - деди ал.

Мугалим мектептен кеткенден кийин чарбагы менен алектенип, жер-жемиштин түрлөрүн өстүрүп жатат. Мындан сырткары чий курактын түрүн курап, кийизден килемче жасайт. Анын «Эне даңкы» медалы да бар.

«Мен пенсияга чыгып кеткениме 20 жылдай убакыт болуп калды. Мурдагы мугалимдер кофта, костюм, юбка кийчү эле. Тырмактарын өстүрбөй, боебой, шакек тагынбай, чачын кыркпай эле татынакай жүрүшчү. Азыр ар бир кесиптин өзүнө таандык кийими бар. Ал эми мугалимдердин бирдиктүү формасы жок. Ушул мугалимдердин формасын карап коюшса жакшы болмок», - деди ал.

Ардагер мугалимдин 5 кыз, 1 уулу жана 17 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×