Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 28.07.2019 15:06

Ат-Башынын тургундары оорукананын алдында таштандылар жыйналбай турганына нааразы

Turmush -  Ат-Башы райондук аймактык ооруканасынын имаратынын алды таштандыга толуп калган. Бул тууралуу аймактык кабарчыгы айыл тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, райондук аймактык оорукананын алдындагы таштандылар көптөн бери тазаланбай турат. Ат-Башы районунун ысымын атагысы келбеген тургуну буларга токтолду.

«Негизи оорукананын алды таптаза болуп турушу керек. Бирок бул оорукананын алды андай эмес. Эч ким текшербейт,чара көрүлбөйт. Ошондуктан ушундай таштандылар жатат. Ишембилик өткөрүп туруш керек», - деди ал.

Ырысбек Кутманов Кара-Суу айылынын тургуну. Айдоочулар оорукананын алдын тазалап турарын айтат.

«Мен айдоочу болуп иштейм. Ооруканадан бейтаптарды ташып иштейбиз. Тазалыкка көңүл буруп, кезек менен тазалап турабыз. Ары-бери өткөндөр таштап кетип жатышат. Бул жакка ким жоопкерчиликтүү экенин билбейм. Арыктын ичиндеги таштандылар илгерки боюнча турат», - деди ал.

Райондук аймактык оорукананын директору Илим Бейшеналиев бул жерди айыл өкмөт көзөмөлгө аларын жана айдоочулардын оорукананын алдында кардар күтүп турганы мыйзамсыз экендигин баса белгиледи.

Ал эми Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Кубан Чоробеков бул жерде ар аптанын жума күндөрү тазалоо иштери болорун билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×