Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 29.07.2019 17:20

Ат-Башыда үй-бүлөнү алдын ала пландоо боюнча мониторинг жүргүзүлдү

Turmush -  Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери Ат-Башы районуна келип, үй-бүлөнү алдын ала пландоо боюнча мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кыргызстанда үй-бүлөнү пландаштыруу альянсынын жетекчиси Бактыгүл Бозгөрпоева билдирди.

Мониторингдин жыйынтыгында элде үй-бүлөнү пландоо боюнча маалыматтын аздыгы, медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги, калктын өз ден соолугуна аяр мамиле жасабагандыгы байкалган.

«Кыргызстанда Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө мыйзам кайра каралып, кабыл алынган. Ошонун негизинде Жогорку Кеңештин депутаты, милдеттүү түрдө камсыздандыруу фондунан, дары-дармек ишканасынан, Саламаттыкты сактоо министрлигинен өкүлдөр келип, Ош жана Нарын облустары боюнча мониторинг жүргүзүп жатабыз. Нарын облусу боюнча биз Ат-Башы, Нарын райондорун алганбыз. Көйгөйлөрдү угуп, көрүп, жазып жатабыз.

Элдин үй-бүлөнү пландоо, тукум улоо, ден соолук боюнча маалыматы аз. Ошондой эле медициналык кызматкерлер жетишсиз. Мисалы, Нарын облусу боюнча 112 медициналык кызматкер жетишпейт экен. Ошол себептен элге маалымат берүүдө медициналык кызматкерлердин күчү жетпей жатат. Дагы бир маселе, биздин калк өзүнүн ден соолугуна аяр мамиле кылбай, баарын медициналык кызматкерлерге үйүп коюшкан», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×