Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 30.07.2019 17:39

Ат-Башыдагы отуздай аялга «уйкусуз түндөрдү» тартуулаган насыя

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кыргызстанда жеке колдордон үстөк пайызы жогору насыя алып, аны төлөй албай калган жарандар жылдан-жылга көбөйүп бара жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылынын төрайымы Акылай Кенекеева билдирди.

Анын айтымында, Нарын облусу боюнча 20дай адам 30 пайыз үстөк менен карызга акча беришет.

20190725_120917

«Кыргызстанда карызга пайызы жогору акча алып, аны төлөй албай калган жарандар жылдан-жылга көбөйүп баратат. Айрымдарына иш козголуп, камалгандары бар. Ошол себептен региондорду кыдырып иштеп жүрөм. Элдин сабатсыздыгынан, өз укугун билбегендиктен ушундай карызга батышат. Буга чейин кайгылуу фактылар жок болчу. Нарын облусу боюнча ушундай карыздын айынан өз өмүрүнө кол салып, кайра-кайра ооруканага түшүп жаткандар бар экен.

Акчаны 15-20 пайыз менен бергендер бар. Мамлекеттик кызматкерлер, үйдө отурган пенсионерлер берет экен. Берилген акча кайсы булактан алынгандыгы тастыкталган жок. Бул боюнча Ат-Башы РИИБдин жетекчисине кайрылдык. Ар бир жаран акча берүүгө укугу бар. Бирок мыйзамдын негизинде 36 пайыздан ашпоо керек жана бул пайыз менен бир жылга берилиши зарыл. Ошондой эле акча берүүчү мыйзам чегинде патент алышы керек.

Нарын облусунда 20дай адам айына 30 пайыз менен беришет. Алардын арасында мамлекеттик кызматта иштегендер бар экен. Бул мыйзамсыз. Учурда Ат-Башы районунда пайызы туура берилгени менен 30дай аял карыздын айынан азап тартышууда», - деди ал.

Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылында 40 миңден ашуун мүчө бар. Анын арасындагы 1 700 мүчө Нарын облусунан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×